3:1 Анан Теңир мага мындай деди: «Дагы барып, күйөөсү сүйгөн, бирок өзү ойноштук кылган аялды сүй, аны Теңир Ысрайыл уулдарын сүйгөндөй сүй. Теңир аларды сүйөт, алар болсо башка кудайларга кайрылышат, алардын мейиз кошулган токочторун жакшы көрүшөт».
3:2 Ошондо мен аны он беш күмүш тыйынга, бир хомер арпага жана жарым хомер арпага сатып алдым.
3:3 Анан ага: «Меникинде көп күн жаша. Бузуктук кылба, үч ким менен болбо, мен да сага жакындабайм», – дедим.
3:4 Анткени Ысрайыл уулдары көп убакытка чейин падышасыз, төрөсүз, курмандыксыз, курмандык чалынуучу жайсыз, эфодсуз жана терафимсиз калышат.
3:5 Ошондон кийин Ысрайыл уулдары күнөөлөрү үчүн өкүнүп, өздөрүнүн Кудай-Теңирин жана өздөрүнүн падышасы Дөөттү издешет. Акыркы күндөрү Теңирдин жана Анын ырайымынын алдында титирешет.