Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Осия 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    үпрайым менен Жүйүттүн жалган такыбаалыгы

    6:1 Алар кайгы тартып жатканда, таң азандан Мени издеп, “Жүргүлө, Теңирге кайра баралы! Анткени бизди Ал тыткылады, бизди өзү айыктырат; бизди Ал жаралады, биздин жараатыбызды өзү таңат.

    6:2 Бизди эки күндөн кийин тирилтет, үчүнчү күнү бизди тургузат, ошондо биз Анын алдында жашайбыз.

    6:3 Ошондуктан таанып билели, Теңирди таанып билүүгө умтулалы. Анын келиши таңкы жарыктай, Ал бизге жамгыр сыяктуу келет, кеч жааган жамгыр сыяктуу жерди сугарат”, – дешет.

    6:4 үпрайым, сага эмне кылайын? Жүйүт, сага эмне кылайын? Силердин адилдигиңер таңкы булуттай, эрте жок болуп кетүүчү шүүдүрүмдөй.

    6:5 Ошондуктан Мен аларды пайгамбарлар аркылуу жонуп жылмаладым, оозумдан чыккан сөздөр менен өлтүрдүм, Менин акыйкаттыгым таңкы жарыктай.

    6:6 Анткени Мен курмандыктарды эмес, ырайымдуулукту каалайм. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка караганда Кудайды таанып билүүнү артык көрөм.

    6:7 Адамга окшоп алар келишимди бузушту, ошол жерде Мага бейопалык кылышты.

    6:8 Гилат – мыйзамсыздардын канга булганган шаары.

    6:9 Адамды аңдыган каракчыларга окшоп, ыйык кызмат кылуучулар Шекемге бара жаткан жолдо киши өлтүрүп жатышат, жийиркеничтүү иштерди кылып жатышат.

    6:10 Мен Ысрайылдан эрөйдү учурган нерсени көрүп турам: ал жерде эпрайым бузуктук кылып жатат, Ысрайыл булганды.

    6:11 Жүйүт, сен үчүн да оруу-жыюу күнү белгиленген, ал Мен элимди туткундан кайра алып келген мезгилге белгиленген.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск