47:1 Фараон Азаны кыйратардын алдында, Теңирдин Жеремия пайгамбарга пелиштиликтер жөнүндө айткан сөзү:
47:2 Теңир мындай дейт: «Мына, түндүктөн суулар көтөрүлүп келе жатат, алар ташкын сууга айланып, жерди жана анын үстүндөгүлөрдүн баарын, шаарды жана анын тургундарын каптайт. Ошондо адамдар өкүрүшөт, өлкөнүн бардык тургундары боздоп ыйлашат.
47:3 Анын күчтүү аттарынын туяктарынын дүбүртүнөн, анын майдан арабаларынын калдыраганынан жана алардын дөңгөлөктөрүнүн үнүнөн аталары балдарына кылчайып карабайт, анткени алар эмне кыларын билбей калышат.
47:4 Бардык пелиштиликтерди кыра турган, Тир менен Сидонду бардык жардамчыларынан ажырата турган күн келди». Анткени Теңир Каптора аралынын калдыгын – пелиштиликтерди кыйратат.
47:5 Азанын башы такырайып калды, алардын өрөөнүндөгү элдин калдыгы – Ашкелон талкаланып жатат.
47:6 Оо Теңирдин кылычы, качанкыга чейин кыя бересиң? Качанкыга чейин тынчтанбайсың? Кыныңа кайра кир, токто, тынчтан!
47:7 Бирок Теңир Ашкелонго каршы, деңиз жүүгине каршы буйрук кылганда, сен кантип тынчтанмак элең? Теңир аны ошол жакка багыттады.