Аюбдун сегизинчи жообу
26:1 Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:
26:2 «Күчсүзгө сен кандай жардам бердиң, алсызга сен кандай күч бердиң!
26:3 Акылсызга сен кандай кеңеш бердиң, ишти толугу менен кандай түшүндүрдүң!
26:4 Сен бул сөздөрдү кимге айттың? Сенден кимдин руху чыгып жатат?
26:5 Репалыктар суулардын астында калтырашат, сууда жашагандар да калтырашат.
26:6 Анын алдында өлгөндөр жаткан жай да ачык, Абадондун жабуусу жок.
26:7 Ал түндүк уюлду боштук үстүнө жайган, жерди жок нерсенин үстүнө илип койгон.
26:8 Ал сууларды өзүнүн булуттарынын ичинде кармап турат, булуттар да суулардын салмагынан жарылбай турат.
26:9 Ал өзүнүн тагын орнотуп, анын үстүнө өзүнүн булуттарын жайып койгон.
26:10 Жарык менен караңгынын чегине чейин суу үстүнөн чек өткөрүп койгон.
26:11 Анын каарынан асман түркүктөрү титиреп, эрөйү учуп турат.
26:12 Ал өз күчү менен деңизди толкутат, өзүнүн акылы менен Рахапты талкалады.
26:13 Асмандын сонундугу – Анын рухунан. Анын колу тез чуркаган жыланды жараткан.
26:14 Анын жолдорунун бир бөлүгү – мына ушул. Биз Ал тууралуу кандай аз укканбыз! Анын кудуретинин жаңырыгын ким түшүнө алат?»
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК