Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Аюбдун кайгырышы

    3:1 Ошондон кийин Аюб сөз баштап, өзү туулган күндү каргады.

    3:2 Аюб сөзүн мындай деп баштады:

    3:3 «Мен туулган күн курусун, “үркек бала түйүлдү”, – деген түн курусун!

    3:4 Ал күн караңгылык болсун. Жогорудагы Кудай ал күндү издебесин, ал күнгө жарык тийбесин!

    3:5 Ал күндү караңгылык менен өлүм сөлөкөтү караңгылатсын, ал күндү кара булут каптасын, куйкалаган аптаптан корккондой, ал күндөн коркуп турушсун!

    3:6 Ал түндү караңгылык басып калсын, ал түн жыл эсебине кирбесин, айлардын санына кирбесин!

    3:7 Оо, ошол түн! Ошол түн тукумсуз калсын, ошол түнү шаттык үнү угулбасын!

    3:8 Ал түндү күндү каргаган лебийатанды ойготууга жөндөмдүүлөр каргашсын!

    3:9 Анын таң атардагы жылдыздары өчсүн, ал түн жарыкты күтсүн, бирок ал келбесин, ал түн таңдын нурун көрбөсүн!

    3:10 Анткени ал түн энемдин жатынын бууган жок, кайгыны көздөрүмдөн жашырган жок!

    3:11 энемдин жатынынан чыгып баратканда эле, эмне үчүн өлүп калбадым экен, энемдин ичинен чыкканда, эмне үчүн өлүп калбадым экен?

    3:12 үмне үчүн мен төрөлгөндө, мени энемдин тизелерине жаткырышты экен? эмне үчүн эмчек эмдим экен?

    3:13 Азыр мен эс алып, уктап жатмакмын, жаныма тынч болмок,

    3:14 өздөрүнө күмбөз курган жер жүзүндөгү падышалар жана кеңешчилер менен,

    3:15 же алтынга бай, үйлөрүн күмүшкө толтурган төрөлөр менен жатмакмын.

    3:16 Же бойдон түшүп, жерге жашырылып калсам эмне, же жарык дүйнөнү көрбөй калган наристедей болуп өлүп калсам эмне!

    3:17 Ал жакта мыйзамсыздар эрөй учурбай калышат, ал жакта күчтөн тайып алсырагандар эс алышат.

    3:18 Ал жакта туткундар да тынчтыкка магдырашат, көзөмөлчүлөрдүн кыйкырыгын угушпайт.

    3:19 Ал жакта кичине да, чоң да бирдей, кул өз кожоюнунан кутулган.

    3:20 Жабыр тартканга жарык эмнеге берилди экен, жаны кыйналганга жашоо эмнеге берилди экен?

    3:21 өлүмдү күткөндөргө өлүм келбейт, алар кенчке караганда өлүмдү жан-дили менен казып алышпайт беле?

    3:22 Алар көрдөн жай тапканына сүйүнүп, кубанычтары коюндарына батмак эмес.

    3:23 Жолу жабык адамга жарык эмнеге берилди? Кудай караңгылык менен курчаган адамга жарык эмнеге берилди?

    3:24 Yшкүрүгүм нан жегизбей жатат, онтоолорум суудай агып жатат.

    3:25 Анткени мен эмнеден эрөйүм учуп качып жүрсөм, ошол мени кууп жетти. Мен эмнеден корксом, ошол келди.

    3:26 Мага тынчтык да жок, эс алуу да жок, кубаныч да жок, башыма мүшкүл түштү».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск