Жерихонун кыйрашы
6:1 Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: «Мына, Мен Жерихону, анын падышасын жана андагы эң күчтүү адамдарды сенин колуңа салып берип жатам.
6:2 Согушка жарактуулардын бардыгы шаарды курчап, аны күнүнө бир жолу айланып чыксын. Алты күн ошенткиле.
6:3 Жети ыйык кызмат кылуучу кочкордун мүйүзүнөн жасалган жети сурнайын келишим сандыгынын алдында алып жүрсүн. Жетинчи күнү болсо шаарды жети жолу айлангыла, ыйык кызмат кылуучулар сурнай тартышсын.
6:4 Кочкордун мүйүзүнөн жасалган сурнай тартылганда, сурнай үнүн укканыңарда, бүткүл эл жер жаңырта кыйкырык салсын. Ошондо шаардын дубалдары түбүнө чейин урайт. Бүт эл, алардын ар бири турган жеринен шаарга бет алсын».
6:5 Нундун уулу Жашыя Ысрайылдын ыйык кызмат кылуучуларын чакырып, аларга мындай деди: «Келишим сандыгын көтөрүп жүргүлө. Жети ыйык кызмат кылуучу болсо Теңирдин келишим сандыгынын алдында кочкордун мүйүзүнөн жасалган жети сурнайды көтөрүп жүрсүн».
6:6 Анан элге кайрылып, мындай деди: «Баргыла, шаарды айланып чыккыла. Курал-жаракчандар болсо Теңирдин келишим сандыгынын алдында жүрүшсүн».
6:7 Жашыя элге ушинтип айткандан кийин, Теңирдин алдында кочкордун мүйүзүнөн жасалган жети сурнайды көтөрүп жүргөн жети ыйык кызмат кылуучу сурнайларын тартты, алардын артынан Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жөнөштү.
6:8 Курал-жаракчандар сурнай тарткан ыйык кызмат кылуучулардын алдына түшүштү. Келишим сандыгынын артында бара жаткандар сурнайларын тартып бара жатышты.
6:9 Жашыя элге мындай деп буйрук берди: «Кыйкырбагыла, үнүңөрдү үч ким укпасын, мен силерге “Кыйкыргыла!” демейинче, оозуңардан сөз чыкпасын, буйрук берген күнү гана жапырт кыйкыргыла».
6:10 Ошентип, Теңирдин келишим сандыгы шаарды бир айланып чыкты. Алар станга келип, ошол жерде түнөштү.
6:11 үкинчи күнү Жашыя эртең менен эрте турду. Ыйык кызмат кылуучулар Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жөнөштү.
6:12 Теңирдин сандыгынын алдында кочкордун мүйүзүнөн жасалган жети сурнайды көтөрүп жүргөн жети ыйык кызмат кылуучу сурнайларын тартып бара жатышты. Курал-жаракчандар алардын алдында, калган эл Теңирдин келишим сандыгынын артында сурнай тартып бара жатышты.
6:13 Андан кийинки күнү да шаарды так ошондой эле бир айланып, станга кайтып келишти. Алты күн бою ошентишти.
6:14 Жетинчи күнү таң атары менен турушуп, шаарды так ошондой эле жети айланып чыгышты, ошол күнү гана шаарды жети айланышты.
6:15 Ыйык кызмат кылуучулар сурнайларын жетинчи жолу тартышканда, Жашыя элге мындай деди: «Кыйкыргыла, анткени Теңир шаарды силерге берди!
6:16 Шаар каргышка калат, андагынын баары Теңирдики. Бузулган аял Рахап жана анын үйүндөгүлөр гана тирүү калсын, анткени ал биз жөнөткөн чалгынчыларды жашырып калган.
6:17 Бирок өзүңөр каргышка калбас үчүн, каргышка калган нерселерден сактангыла. Ысрайыл уулдарынын станын каргышка калтырбас үчүн, аларга мүшкүл түшүрбөс үчүн, каргышка калган нерселерден үч нерсе албагыла.
6:18 Алтын-күмүштүн бардыгы, жез, темир идиштердин бардыгы Кудайдын ыйык буюмдары болуп, Теңирдин казынасына кирсин».
6:19 Ошондо эл кыйкырды, ыйык кызмат кылуучулар сурнайларын тартышты. Сурнайлардын эндөрүн угар замат, эл жер жаңырта жапырт кыйкырды. Ошондо шаар дубалдары түбүнө чейин урап, эл шаарга бет алды, ар ким туш-тушунан качырып кирип, шаарды басып алышты.
6:20 Шаардагы эркектерди да, аялдарды да, жашты да, карыны да, койлорду да, өгүздөрдү да, эшектерди да – бардыгын кылычтап кырып салышты.
6:21 Жер чалганы барган баягы эки жигитке Жашыя мындай деди: «Бузулган аялга баргыла да, аны жана анын үйүндөгүлөрдү алып чыккыла, анткени силер ага ант берип койгонсуңар».
6:22 Шаарды чалган жигиттер аялдын үйүнө барып, Рахаптын өзүн да, атасын да, энесин да, бир туугандарын да – анын үйүндөгүлөрүнүн бардыгын, урук-тууганы менен үйүнөн алып чыгып, Ысрайыл станынын сыртына алып барышты.
6:23 Шаарды жана анда болгондордун бардыгын өрттөп жиберишти. Алтын-күмүштөрдү, жез, темир идиштерди гана Теңир үйүнүн казынасына беришти.
6:24 Ал эми бузулган аял Рахапты жана анын атасынын эй-бүлөсүн, анын үйүндөгүлөрүнүн бардыгын Жашыя тирүү калтырды, ал аял бүгүнкү күнгө чейин ысрайылдыктардын арасында жашайт, анткени ал Жерихону байкаш үчүн Жашыя жөнөткөн чалгынчыларды жашырып койгон эле.
6:25 Ошол учурда Жашыя мындай каргыш айтты: «Ким Жерихо шаарын кайра калыбына келтире турган болсо, ал Кудайдын алдында каргышка калсын. Ким анын пайдубалын тургузса, тун баласынан ажырайт, дарбазасын орнотсо, кенже баласынан ажырайт».
6:26 Теңир Жашыя менен болду. Анын даңкы бүт жер жүзүнө тарады.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК