Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Арам жана адал жаныбарлар жөнүндө

    11:1 Теңир Муса менен Арунга мындай деп айтты:

    11:2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айткыла: “Жер үстүндөгү жаныбарлардын ичинен силер мына бул жаныбарларды жесеңер болот:

    11:3 ача туяктуу, ачасы терең, кепшеген жаныбарды жесеңер болот.

    11:4 Бирок ача туяктуу, кепшеген жаныбарлардын ичинен мына бул жаныбарларды жебегиле: төө, анткени ал кепшейт, бирок ача туяктуу эмес. Ал силер үчүн арам.

    11:5 Кош аяк, анткени ал кепшегени менен, ача туяктуу эмес. Ал силер үчүн арам.

    11:6 Коён, анткени ал кепшейт, бирок ача туяктуу эмес. Ал силер үчүн арам.

    11:7 Чочко, анткени ал ача туяктуу, туягынын ачасы терең, бирок кепшебейт. Ал силер үчүн арам.

    11:8 Алардын этин жебегиле, алардын өлүгүнө тийбегиле. Алар силер үчүн арам.

    11:9 Суудагы жаныбарлардын ичинен мына бул жаныбарларды жесеңер болот: деңиздерде жана дарыяларда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзө турган канаты бар, кабырчыгы бар жаныбарларды жесеңер болот.

    11:10 Ал эми деңиздерде жана дарыяларда жашаган жаныбарлардын ичинен, сууда сүзгөн жана сууда жашаган сойлоочу жаныбарлардын ичинен, жерде-сууда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзө турган канаты, кабырчыгы жоктору силер үчүн арам.

    11:11 Алар силер үчүн арам болуп эсептелсин. Алардын этин жебегиле, алардын өлүгүнөн жийиркенгиле.

    11:12 Сууда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзө турган канаты, кабырчыгы жокторунун баары силер үчүн арам.

    11:13 Канаттуулардын ичинен мына бул канаттууларды жебегиле: бүркүт, жору, суу бүркүт,

    11:14 кулаалы, шумкар жана анын түрлөрү,

    11:15 карга жана анын түрлөрү,

    11:16 төө куш, жапалак экү, чардак, туйгун жана анын түрлөрү,

    11:17 үкү, балыкчы куш жана ибис,

    11:18 ак куу, биргазан жана ак кажыр,

    11:19 ак кытан, илегилек жана анын түрлөрү, сасык эпүп жана жарганат.

    11:20 Учуучу, төрт аяктуу курт-кумурскалар силер үчүн арам.

    11:21 Учуучу, төрт аяктуу курт-кумурскалардын ичинен жерде секирип жүрө турган узун шыйрактууларды гана жесеңер болот.

    11:22 Алардын ичинен: келгин чегирткесинин, талаа чегирткесинин, дарак чегирткесинин жана кармооч чегирткесинин бардык түрлөрүн жесеңер болот.

    11:23 Булардан башка төрт аяктуу, учуучу курт-кумурскалар силер үчүн арам.

    11:24 Алар аркылуу силер таза эмес болуп каласыңар, ким алардын өлүгүнө тийип алса, ал кечке чейин таза эмес болот.

    11:25 Ким алардын өлүгүн көтөрсө, кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.

    11:26 Ача туяктуу, бирок ачасы терең болбогон жана кепшебеген мал силер үчүн арам. Ким ага тийсе, ал таза эмес болот.

    11:27 Төрт аяктуу айбанаттардын ичинен таманы менен баскандары силер үчүн арам. Ким алардын өлүгүнө тийип алса, ал кечке чейин таза эмес болот.

    11:28 Ким алардын өлүгүн көтөрсө, кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот. Алар силер үчүн арам.

    11:29 Жерде жашаган майда жаныбарлардын ичинен силер үчүн арам болуп эсептелгендери мына булар: момолой чычкан, чычкан, кескелдирик жана анын түрлөрү,

    11:30 кирпи, чүткөр, таш бака, элүл жана хамелеон.

    11:31 Жерде жашаган майда жаныбарлардын ичинен мына ушулар силер үчүн арам. Ким алардын өлүгүнө тийип алса, ал кечке чейин таза эмес болот.

    11:32 Алардын кайсы биринин өлүгү бир нерсеге: жыгач идишке болобу, кийимге болобу, териге, же капка, же ишке колдонулуучу ар кандай буюмга болобу, түшүп кетсе, ал таза эмес болуп калат. Аларды сууга салып коюш керек, кечке чейин таза эмес болот, андан кийин таза болот.

    11:33 үгерде алардын кайсы биринин өлүгү чопо идишке түшүп кетсе, анда ал идиштин ичиндеги нерсе таза эмес болуп калат, идиштин өзүн талкалап салгыла.

    11:34 Андай идиштеги суу силер жей турган тамакка кошулуп кетсе, ал тамак таза эмес болуп калат, ал идишке куюлган суусундуктун баары таза эмес болуп калат.

    11:35 Алардын өлүгүнөн бир нерсенин үстүнө түшүп калса, алардын баары таза эмес болуп калат. Меш болобу, очок болобу, аларды бузуп салыш керек, алар таза эмес. Алар силер үчүн да таза эмес болуп эсептелсин.

    11:36 Бирок суусу бар булак менен кудук гана таза бойдон калат. Ал эми ким алардын өлүгүнө тийсе, ал таза эмес болот.

    11:37 үгерде алардын өлүгүнөн бир нерсе себиле турган эрөнгө түшүп калса, ал таза бойдон калат.

    11:38 үгерде себиле турган эрөнгө суу куюлуп калгандан кийин, алардын өлүгүнөн бир нерсе түшүп калса, анда ал силер үчүн таза эмес болуп калат.

    11:39 үгерде силер жей турган кайсы бир мал өлүп калып, ким анын өлүгүнө тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот.

    11:40 Ким анын өлүгүн жесе, кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот. Ким анын өлүгүн көтөрсө, кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.

    11:41 Сойлоочу жаныбарлардын баары силер үчүн арам, аларды жебегиле.

    11:42 Жер бетинде сойлоп жүрүүчү жаныбарлардын ичинен боору менен жылуучу, төрт аяктуу, көп аяктуу жаныбарларды жебегиле, анткени алар арам.

    11:43 өзүңөрдү жер бетинде сойлоп жүрүүчү үч бир арам жаныбар менен булгабагыла. Алар аркылуу таза эмес болуп калбашыңар үчүн, өзүңөрдү алар менен булгабагыла.

    11:44 Анткени силердин Кудай-Теңириңер Менмин, ыйыкталып, ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын. өзүңөрдү кандайдыр бир сойлоочу жаныбар менен булгабагыла.

    11:45 Анткени силердин Кудайыңар болуш үчүн, силерди Мисир жеринен алып чыккан Теңириңер Менмин. Ошондуктан ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын.

    11:46 Малдар, жаныбарлар, канаттуулар, сууда жашоочулар, жерде сойлоочулар жөнүндөгү мыйзам ушул.

    11:47 Тазаны таза эместен, жегенге болгон жаныбарларды жегенге болбогон жаныбарлардан ажыратыш үчүн берилген мыйзам ушул”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск