Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Нан курмандыгы жөнүндө

    2:1 Ким Теңирге арнап нан курмандыгын алып келе турган болсо, буудай унун алып келсин. Ага зайтун майын куюп, үстүнө ладан салсын.

    2:2 Анан аны Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга, алып келсин. Ыйык кызмат кылуучу зайтун майы менен ладан кошулган ундан бир ууч алып, Теңир эсине алышы үчүн, аны курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.

    2:3 Ал эми нан курмандыгынын калганы Арунга жана анын уулдарына тиешелүү. Бул Теңирге арналган курмандыктардын эң ыйыгы болот.

    2:4 үгерде нан курмандыгына тандырга жабылган нан алып келсең, анда ал ачыткы кошулбаган, зайтун майы кошулган буудай унунан жуурулган нан болсун жана зайтун майы сыйпалган, ачыткы кошулбаган токоч болсун.

    2:5 үгерде нан курмандыгына көмөч казанга бышырылган нан алып келсең, анда ал ачыткы кошулбаган, зайтун майы кошулган буудай унунан жасалсын.

    2:6 Аны сындырып-сындырып, үстүнө зайтун майын куй. Бул нан курмандыгы болот.

    2:7 үгерде нан курмандыгына карапага бышырылган нан алып келсең, анда ал зайтун майы кошулган буудай унунан жасалсын.

    2:8 Теңирге ушундай жасалган нан курмандыктарын алып кел. Аларды ыйык кызмат кылуучуга бер, ал болсо аны курмандык чалынуучу жайга алып келип коёт.

    2:9 Ыйык кызмат кылуучу ал курмандыктардын бир бөлүгүн алып, Теңир эсине алышы үчүн, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.

    2:10 Ал эми нан курмандыгынын калганы Арунга жана анын уулдарына тиешелүү. Бул Теңирге арнап өрттөлүүчү курмандыктардын эң ыйыгы.

    2:11 Теңирге арнап алып келген нан курмандыгыңардын үч бирине ачыткы кошпогула, анткени ачыткы кошулган курмандыкты, балды Теңирге арнап өрттөгөнгө болбойт.

    2:12 Аларды биринчи түшүм курмандыгы катары Теңирге алып келсеңер болот, бирок аларды жагымдуу жыт катары курмандык чалынуучу жайда өрттөгөнгө болбойт.

    2:13 Нан курмандыктарыңдын ар бирине туз сал. Курмандыктарыңа Кудайыңдын келишим тузун кошпой койбо. Ар бир курмандыгыңды алып келгенде, туз ала кел.

    2:14 үгерде биринчи түшүмүңдөн Теңирге арнап нан курмандыгын алып келсең, анда алгачкы буудай баштарынан отко кууруп, жанчып майдалап алып кел.

    2:15 Аларга зайтун майынан куюп, үстүнө ладан салып кой. Бул нан курмандыгы болот.

    2:16 Ыйык кызмат кылуучу зайтун майы менен ладан кошулган дандардын бир бөлүгүн алып, Теңир эсине алышы үчүн өрттөсүн. Бул Теңирге арналган курмандык болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск