Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Малахия 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    1:1 Бул Кудайдын аяны жазылган китеп. Малаки пайгамбар аркылуу Жараткан эгенин Исраилге айткан сөзү. Жакыпка мүүримимди төгүп, Исавды четке кактым.

    1:2-5 Теңир силерге: "Мен силерди сүйдүм," - десе силер: "Сен бизди кандайча сүйдүң?" - деп сурадыңар. "Исав Жакыптын бир тууган агасы эмес беле?" - деди Теңир, - ошондой болсо да мен Жакыпты сүйдүм, ал эми Исавды болсо жек көрүп, анын тоолорун эүн талаа эрмен чөлгө айланттым. эүлеген жерин чөөлөргө берип салдым". Исав: "Шаарларыбыз талканды, бирок биз кайра куруп алабыз," - деши мүмкүн. Бирок кудурети күчтүү Кудай таала мындай дейт: "Курса кура берсин, баары бир мен кайра талкалайм. эл аларды "Адепсиз Жер", "Түбөлүккө Кудайдын каарына калган уруу" деген атка кондурушат. Сен муну өз көзүң менен көрүп: "Ой, тообо, Исраилден сыртта да Теңир кудуреттүү экен!" - дейсиң". Жарабаган курмандыктар.

    1:6-14 "Бала атасын, кул эүсин сыйлайт. Мен силердин атаңар болсом, анда эмне үчүн мени ата катары сыйлабайсыңар? Мен силердин эүңер болсом, анда эмне үчүн эүңер катары урматтабайсыңар? - дейт кудурети күчтүү Жараткан эгебиз. Диний кызматкерлер, силер мени жек көрөсүңөр да: "Кантип биз сени жек көрүп жатабыз?" - дейсиңер. Бузулган тамакты мага курмандык чалына турган жайдын үстүнө коюп, мени жек көргөнүңөрдү көрсөтүп жатасыңар да, анан кайра "кантип сени жек көрүп жатабыз? " дейсиңер. Кантиппи? "Кудайга курмандык чалчу жай таза эмес!" - дегениңер мени жек көрүэңөрдөн эмеспи? Курмандыкка сокур мал жетелеп келгениңерди туура деп ойлойсуңарбы? Аксак же ооруу жандык апкелгениңер туурабы? Аныңарды башчыларыңарга апарып көргүлөчү, кабыл алышаар бекен? Силерге ыраазы болушаар бекен? эми: "Оо Кудай, бизге жакшылык кылагөр!" - деп жалынып көргүлөчү. Колуңардан ушундай курмандыктар чыгып жатса, мен силерди кантип кабыл алам? Аттиң, андан көрө бирөөңөр тура калып, ибадаткананын эшигин жаап салса го. Ошондо мага курмандык чалчу жайда пайдасыз от жылтылдабайт эле ", - дейт кудуретүү Теңир. "Мен силерге ыраазы эмесмин. Силер чалган курмандыктардын үч бирин кабыл албайм. Бүткүл дүйнөдөгү элдердин арасында менин атым ардакталат. Бардык жерде менин атыма жыттуу заттарды өрттөшүп, таза курмандыктарды чалышат. Анткени алардын баары мени урматташат. А силер: "Кудайга курмандык чалчу жай таза эмес!" - дегениңер менен мени кордоп жатасыңар! Дагы: "үү койчу, ушунун баарынан жадап кеттик!" деп, мага мурдуңарды чүйрүйсүңөр. Анан уурдап алган, аксак, ооруу малыңар менен бузулган, үч нерсеге арзыбаган тамагыңарды мага багыштайсыңар. Аларды мен кантип кабыл алам! Короосундагы сүлкүлдөгөн кочкорун мага берем деп сөз берип алып, анан майыбын жетелеп келген үч оңбосун! Анткени мен улуу Ханмын, бүт дүйнө жүзүндөгү элдер менден коркушат," - дейт кудуреттүү эгебиз. Кудайдын сөзүнө ак болбогон диний кызматкерлер

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск