Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Марк 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Ыйсанын тирилиши жана ошол күнкү окуялар

    16:1 Ишемби күн өткөндөн кийин, магдалалык Мариям, Жакыптын энеси Мариям жана Саломе Ыйсанын денесин майлоо үчүн, жыпар жыттуу майларды сатып алышты.

    16:2 Жуманын биринчи күнү, эртең менен эрте, күн чыга электе, алар мүрзөгө келишти.

    16:3 Алар өз ара: «Мүрзөнүн оозундагы ташты ким четке жылдырып берет?» – деп, сүйлөшүп келе жатышты.

    16:4 Алар мүрзөгө жакын келишкенде, таштын четке жылдырылып калганын көрүштү. Таш болсо аябай чоң эле.

    16:5 Алар мүрзөгө киргенде, оң тарапта отурган, ак кийимчен бир жигитти көрүп, коркуп кетишти.

    16:6 Ал болсо аларга мындай деди: «Коркпогула! Силер айкаш жыгачка кадалган назареттик Ыйсаны издеп жатасыңарбы? Ал тирилди, Ал бул жерде жок. Мына, Анын сөөгү коюлган жер.

    16:7 Баргыла да, Анын шакирттери менен Петирге: “Ал силерди Галилеядан тосуп алат. Силерге өзү айткандай, Аны ошол жактан көрөсүңөр”, – деп айткыла».

    16:8 Алар мүрзөдөн чыгып, чуркап жөнөштү. Корккондорунан титиреп, эрөйлөрү учуп калган алар үч кимге үч нерсе айтышкан жок.

    Ыйсанын тапшырмасы

    16:9 Жуманын биринчи күнү эртең менен эрте тирилген Ыйса эң биринчи болуп, магдалалык Мариямга көрүндү. Ал анын ичинен жети жинди кууп чыгарган эле.

    16:10 Мариям барып, мурда Ыйса менен чогуу жүрүп, азыр болсо кайгырып, ыйлап жаткандарга жарыялады.

    16:11 Бирок алар Ыйсанын тирүү экендигин жана Мариямдын көргөндүгүн угушканда, ишенишкен жок.

    16:12 Ошондон кийин Ыйса бир айылга жол тартып бара жаткан эки шакиртке башкача болуп көрүндү.

    16:13 Алар кайтып келип, калган шакирттерге жарыялашты, бирок аларга да ишенишкен жок.

    16:14 Ыйса ошондон кийин дасторкондо отурган он бир шакиртине көрүндү. Ал шакирттерин ишенбестиги үчүн жана жүрөктөрүнүн катуулугу үчүн жемеледи. Анткени алар Анын тирилгендигин көргөндөргө ишенбей коюшкан эле.

    16:15 Анан аларга мындай деди: «Бүт дүйнөнү кыдырып, бардык адамдарга Жакшы Кабарды жарыя кылгыла.

    16:16 Ким ишенип, сууга чөмүлдүрүлсө, ал куткарылат. Ал эми ким ишенбесе, ал айыпталат.

    16:17 Мага ишенгендерди бул белгилер коштоп жүрөт: Менин ысымым менен жиндерди кууп чыгарышат, жаңы тилдерде сүйлөшөт.

    16:18 үгерде колдору менен жыландарды кармап алышса, уулуу нерсе ичип алышса, алардан зыян тартышпайт. Колдорун оорулуулардын үстүнө коюшса, оорулуулар айыгышат».

    Ыйсанын асманга көтөрүлүп кетиши

    16:19 Ошентип, Ыйса Теңир алар менен сүйлөшкөндөн кийин, асманга көтөрүлүп, Кудайдын оң жагына отурду.

    16:20 Шакирттер болсо бардык жерди кыдырып, Жакшы Кабар таратып жүрүштү. Теңир аларга жардам берип, көрсөтүлгөн кереметтер аркылуу өз сөзүн бекемдеп жатты. Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск