Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Михей 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Адамзаттын бузулушу

    7:1 Мага кайгы! Анткени мен жайкы жемиштерди жыйнап алгандан кийинки, жүзүмдү терип алгандан кийинки мезгилдей болуп калдым. Жегенге бир да мөмө жок, менин жаным каалаган, бышкан бир да жемиш жок.

    7:2 Жерде ырайымдуу адамдар калбай калды, адамдардын арасында адил адамдар жок. Кан төгүш үчүн, бардыгы тузак коюшат, ар бири өз бир тууганына тор жаят.

    7:3 Алардын колдору жамандык кылып, жакшылык күтүшөт: жетекчи белек талап кылат, сот пара алып соттойт, төрөлөр болсо өздөрүнүн жаман каалоолорун ачык айтышат, ишти бурмалашат.

    7:4 Алардын эң жакшысы тикенектей, эң адилеттүүсү тикенектүү тосмодон жаман. Сенин пайгамбарларың айткан күн, Сен жазалай турган күн келе жатат. эми аларга дүрбөлөң түшөт.

    7:5 Досуңарга ишенбегиле, жолдошуңарга таянбагыла. Койнуңда жаткан аялыңдан оозуңдун эшигин сакта.

    7:6 Анткени уулу атасын уят кылат, кызы энесине каршы чыгат, келини кайын энесине каршы болот. Адамдын душманы – өзүнүн үйүндөгүлөрү.

    7:7 Мен болсо Теңирден эмүттөнөм, мени куткарган Кудайга таянам: Кудайым мени угат.

    Куткарылуу Теңирден

    7:8 Душманым, мени табалаба! Мен кулап калсам да, кайра турам. Мен караңгылыкта отурсам да, Теңир мен үчүн жарык.

    7:9 Менин ишимди чечкенге чейин, мени соттогонго чейин, Теңирдин каарын көтөрөм, анткени Анын алдында күнөө кылдым. Ал мени жарыкка алып чыгат, ошондо мен Анын адилеттүүлүгүн көрөм.

    7:10 Мага «Сенин Кудай-Теңириң кайда?» деген душманым муну көрүп, уятка калат. Ал көчөдөгү баткакка окшоп тебеленгенде, аны көрүп, көзүмдүн моокуму канат.

    7:11 Сен өзүңдүн дубалдарыңды курган күнү, ошол күнү чек араң чоңоёт.

    7:12 Ошол күнү сага Ашурдан жана Мисир шаарларынан келишет, Мисирден тартып эфрат дарыясына чейин, деңизден деңизге чейин, тоодон тоого чейин жашаган элдер келишет.

    7:13 Ал жер болсо өзүнүн тургундарынын күнөөлөрү үчүн, алардын иштеринин жемиштери үчүн чөлгө айланат.

    Теңирдин Ысрайылга ырайым көрсөтүшү

    7:14 Кармелдин ортосундагы токойдо обочо жашаган өз элиңди, өз мурасың болгон койлоруңду, өзүңдүн таягың менен кайтар. Алар Башан менен Гилатта байыркы күндөрдөгүдөй оттоп жүрүшсүн!

    7:15 «Сен Мисирден чыгып келе жаткан күндөрдө кандай кереметтерди көрсөтсөм, азыр да ага ошондой кереметтерди көрсөтөм».

    7:16 Муну көргөн элдер өздөрүнүн бардык күч-кубатына карабастан, уят болушат: колдору менен ооздорун жабышат, кулактары дүлөй болуп калат.

    7:17 Жыландай болуп топурак жалашат, жер курттарындай болуп чептеринен сойлоп чыгышат. Биздин Кудай-Теңирден коркушат, Сенден эрөйлөрү учат.

    7:18 өз мурасынын калдыгынын мыйзамсыздыгын кечирип, айыбын мойнуна салбаган Сендей Кудай барбы? Ал түбөлүккө каарданбайт, анткени ырайым кылганды жакшы көрөт.

    7:19 Ал бизге кайрадан ырайым кылат, биздин мыйзамсыздыктарыбызды өчүрөт. Сен биздин бүт күнөөлөрүбүздү деңиздин түпкүрүнө таштайсың.

    7:20 Сен байыркы күндөрдөн бери биздин ата-бабаларыбызга ант берип убада кылып келгениңдей, Жакыпка ишенимдүүлүгүңдү, Ыбрайымга ырайымдуулугуңду көрсөтөсүң.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск