Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Күмүш сурнайлар

    10:1 Теңир Мусага дагы мындай деди:

    10:2 «Күмүштөн эки сурнай жаса, аларды чегип жаса. Сурнайларды сен жамаатты чакырыш үчүн, станды ордунан жылдырыш үчүн колдон.

    10:3 Сурнайлар тартылганда, бүткүл жамаат жыйын чатырынын алдына чогулат.

    10:4 Бир сурнай тартылганда, төрөлөр менен Ысрайылдын миң башылары чогулат.

    10:5 Сурнайды эзүп-үзүп тартканда, жыйын чатырынын чыгыш тарабында турган стандар козголот.

    10:6 Сурнайды экинчи ирет эзүп-үзүп тартканда, жыйын чатырынын түштүк тарабында турган стандар козголот. Стан жолго чыгарда, сурнайларды эзүп-үзүп тартышсын.

    10:7 үлди жыйынга чакырарда, сурнайларды эзбөй тарткыла.

    10:8 Сурнайларды Арундун уулдары – ыйык кызмат кылуучулар гана тартышсын. Бул көрсөтмө силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын.

    10:9 Жериңерге кол салган душмандарыңар менен согушарда, сурнайларыңарды эзүп-үзүп тарткыла, ошондо Кудай-Теңириңер силерди үстеп, душмандарыңардан куткарат.

    10:10 Көңүл ачкан күндөрүңөрдө, майрамдарыңарда, ай жаңырганда, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалганыңарда, сурнайларыңарды тарткыла. Бул сурнай силерди Кудайыңар эсине алышы үчүн тартылат. Мен силердин Кудай-Теңириңермин».

    Ысрайылдыктардын жол жүрүү тартиби

    10:11 үкинчи жылдын экинчи айынын жыйырманчы күнү жыйын чатырынын үстүнөн булут көтөрүлдү.

    10:12 Ошондо Ысрайыл уулдары станы менен Синай чөлүнөн чыгышты. Булут болсо Паран чөлүнө келип токтоду.

    10:13 Ошентип, алар биринчи жолу Теңирдин Муса аркылуу берген буйругу боюнча жолго чыгышты.

    10:14 Биринчи болуп Жүйүт станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Аминадаптын уулу Нахшон турду.

    10:15 Исахар уруусунун кошуун башында Суардын уулу Натанаел турду.

    10:16 Забулун уулдарынын кошуун башында Хейлондун уулу элийап турду.

    10:17 Жыйын чатыры чечилгенден кийин, аны Гейиршон уулдары менен Мерари уулдары көтөрүп жөнөштү.

    10:18 Анан Рубейин станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Шедейурдун уулу элитсур турду.

    10:19 Шымон уулдарынын кошуун башында Суришадайдын уулу Шелумиел турду.

    10:20 Гат уулдарынын кошуун башында Ребуелдин уулу элийасап турду.

    10:21 Андан кийин ыйык жайды көтөргөн Кааттын уулдары жөнөштү. Жыйын чатырын болсо алар келгиче орнотуп коюшчу.

    10:22 Анан эпрайым станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Амийуттун уулу элишама турду.

    10:23 Менаше уулдарынын кошуун башында Пыдатсурдун уулу Гамлиел турду.

    10:24 Бенжемин уулдарынын кошуун башында Гидонинин уулу Абидан турду.

    10:25 Акыркы болуп Дан станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Амишадайдын уулу Ахиезер турду.

    10:26 Ашыр уулдарынын кошуун башында Охрандын уулу Пагиел турду.

    10:27 Напталы уулдарынын кошуун башында эйнандын уулу Акира турду.

    10:28 Ысрайыл уулдарынын кошуундары ушундай тартип менен жолго чыгышты.

    10:29 Ошондо Муса мидиандык тууганы Ребуелдин уулу Хобапка мындай деди: «Биз азыр Теңир берем деп убада кылган жерге жөнөйбүз. Биз менен жүр, биз сага жакшылык кылабыз, анткени Теңир Ысрайылга жакшылык убада кылган».

    10:30 Бирок ал: «Барбайм, мен өз жериме, өз мекениме барам», – деди.

    10:31 Ошондо Муса ага мындай деди: «Бизди таштаба, анткени сен станыбызды чөлдө кантип жайгаштырып жатканыбызды билесиң, бизге жол көрсөтүүчү бол.

    10:32 үгерде биз менен барсаң, Теңирдин бизге кыла турган жакшылыгына элүштөш болосуң».

    10:33 Анан алар Теңирдин тоосунан жолго чыгып, үч күн жол жүрүштү. Теңирдин келишим сандыгын көтөргөндөр кошуун токтой турган жерди табыш үчүн, үч күн бою алдыда жол жүрүштү.

    10:34 Алар жолго чыкканда, күндүз Теңирдин булуту аларга жол көрсөтүп турду.

    10:35 Келишим сандыгын көтөргөндөр жолго чыкканда, Муса мындай дечү: «Теңир, ордуңан тур! Сен ордуңан турганда, Сенин душмандарың чачырап кетсин, Сени жек көргөндөр Сенин жүзүңдөн качсын!»

    10:36 Келишим сандыгын көтөргөндөр токтогондо, Муса мындай дечү: «Теңир, миңдеген, түмөндөгөн Ысрайыл уулдарына кайрылып кел!»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск