Кудай жана Анын эли
104:1 Теңирди даңктагыла. Анын ысымын чакыргыла. Анын иштерин бүт элдерге жарыя кылгыла.
104:2 Аны мактап ырдагыла, Ага ырдагыла. Анын бардык кереметтери жөнүндө айтып ырдагыла.
104:3 Анын ыйык ысымы менен мактангыла. Теңирди издегендердин жүрөгү кубансын.
104:4 Теңирди жана Анын күчүн издегиле, Анын жүзүн ар дайым издегиле.
104:5 Ыбрайымдын тукуму, Анын кулдары, Жакыптын уулдары, Анын тандалган адамдары, силер,
104:6 Ал жасаган кереметтерди, Анын жышаандарын жана Анын оозунан чыккан өкүмдөрүн эсиңерге салгыла.
104:7 Ал биздин Кудай-Теңирибиз. Бүт жер жүзүндө Анын өкүмдөрү ишке ашып жатат.
104:8 Ал өзүнүн келишимин, муундан муунга осуят кылган сөзүн түбөлүккө унутпайт.
104:9 Ал сөз – Ыбрайымга берилген осуят, Ыскакка берилген ант.
104:10 Аны Жакыпка мыйзам кылып, Ысрайылга түбөлүк келишим кылып берген.
104:11 Ал: «Канаан жерин мураска берем», – деген.
104:12 Ошол убакта алардын саны аз эле, өтө эле аз эле. Ал жерде алар келгин эл болуп жашап турушкан.
104:13 Алар бир элден бир элге, бир өлкөдөн бир өлкөгө барып жер кезишкен.
104:14 Аларды үч кимге кордоткон эмес, падышаларга мындай деп эскерткен:
104:15 «Менин майлангандарыма тийбегиле, Менин пайгамбарларыма жамандык кылбагыла».
104:16 Жерге ачарчылык чакырган, бардык эгинди жок кылган.
104:17 Алардын алдына бир адамды жиберген: Жусуп кулдукка сатылган.
104:18 Анын буттарын кишен менен кысышкан, анын жаны темир торго кирген.
104:19 Теңирдин сөзү ишке ашканга чейин ушундай болду: аны Теңирдин сөзү сынады.
104:20 Падыша киши жиберип, аны эркиндикке чыгарды; аны эл башчысы бошотту.
104:21 Төрөлөрүнө өзү каалагандай көрсөтмө берип, аксакалдарга акыл эйрөтүшү үчүн,
104:22 падыша аны падыша сарайынын, өз мал-мүлкүнүн үстүнө башкаруучу кылып койду.
104:23 Ошондо Ысрайыл Мисирге келди, Жакып Хам жерине көчүп келди.
104:24 Кудай өз элин аябай көбөйттү, аны душмандарынан күчтүү кылды.
104:25 Алардын жүрөгүн өз элин жек көрүүгө, өз кулдарына каршы куулук кылууга козгоду.
104:26 Анан өз кулу Мусаны, өзү тандап алган Арунду жөнөттү.
104:27 Алар Хам жеринде Теңирдин сөзү боюнча жышаандарды жана кереметтерди көрсөтүштү.
104:28 Караңгылык жиберип, караңгы кылды, ошондо үч ким Анын сөзүнө каршы чыккан жок.
104:29 Алардын сууларын канга айландырып, балыктарын кырып жок кылды.
104:30 Алардын жерин, атүгүл, падышаларынын уктоочу бөлмөлөрүн да курбака каптап калды.
104:31 Ал айтары менен, алардын бардык жерин ар кандай курт-кумурска, чымын-чиркей каптап калды.
104:32 Алардын жерине жамгыр ордуна мөндүр, куйкалаган от жиберди.
104:33 Алардын жүзүмзарлары менен анжырларын талкалады, алардын аймагындагы бак-дарактарды кыйратты.
104:34 Ал айтары менен, сан жеткис чегиртке, кырк аяк каптап калды.
104:35 Алардын жериндеги чөптүн баарын, талааларындагы жемиштерди жеп салышты.
104:36 Теңир ошол жердеги бардык тунгучтарды, алардын күч башаттарынын баарын кырып салды.
104:37 Анан ысрайылдыктарды алтын, күмүш менен алып чыкты, алардын урууларында ооругандар болгон жок.
104:38 Мисир эли алардын кеткенине кубанды, анткени алардан коркуп калышкан эле.
104:39 Теңир аларды калкалоого булут жөнөттү, аларга түн ичинде жарык берип турушу үчүн, от жиберди.
104:40 Алар сурашты, ошондо Ал бөдөнөлөрдү жиберди, аларды асман наны менен тойгузду.
104:41 Ташты жарды, ошондо суулар акты, суулар кургак жерлерге дарыя болуп акты.
104:42 Анткени Ал өз кулу Ыбрайымга айткан өзүнүн ыйык сөзүн үстеди.
104:43 Ошентип, Ал өз элин кубаныч менен алып чыкты, өзүнүн тандалган адамдарын салтанат менен алып чыкты.
104:44 Алар өзүнүн буйруктарын аткарышы үчүн, мыйзамдарын сакташы үчүн,
104:45 Теңир аларга башка элдердин жерлерин берди, алар бөлөк элдердин мал-мүлкүн эүлеп алышты. Теңирди даңктагыла!
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК