Даңктоо ыры
134:1 Теңирди даңктагыла. Теңирдин үйүндө, Кудайыбыздын үйүнүн короосунда турган Теңирдин кулдары,
134:2 Теңирдин ысымын мактагыла, мактагыла.
134:3 Теңирди мактагыла, анткени Теңир жакшы. Анын ысымын мактап ырдагыла, анткени бул жагымдуу.
134:4 Анткени Теңир өзүнө Жакыпты тандап алды, Ысрайылды өзүнө менчик эл кылып тандап алды.
134:5 Мен Теңирдин улуу экенин, биздин Кудай-Теңирибиз бардык кудайлардан жогору экенин таанып билдим.
134:6 Теңир асманда, жерде, деңизде, бардык түпкүрдө эмне кааласа, ошонун баарын жасайт.
134:7 Жер кыйырынан булуттарды көтөрөт, жамгыр жаадырып, чагылганды жаратат, өзүнүн сактоочу жайларынан шамал чыгарат.
134:8 Ал мисирликтердин тунгучтарын, малынын төл башыларын кырып салган.
134:9 Мисир, сенин ичиңде, фараонго жана анын бардык кулдарына каршы жышаандары менен кереметтерин көрсөткөн.
134:10 Ал көптөгөн күчтүү падышаларды:
134:11 Амор падышасы Сихонду, Башан падышасы Огду, Канаандын бардык падышачылыктарын жок кылган.
134:12 Алардын жерлерин мураска, өз эли Ысрайылга мураска берген.
134:13 Теңирим! Сенин ысымың түбөлүктүү. Теңирим! Сен муундан муунга унутулбайсың.
134:14 Анткени Теңир өз элине болушат, өзүнүн кулдарына ырайым кылат.
134:15 Бутпарас элдердин жасалма кудайлары – күмүш жана алтын, адамдын колу менен жасалган нерселер.
134:16 Алардын ооздору бар, бирок сүйлөбөйт; көздөрү бар, бирок көрбөйт.
134:17 Алардын кулактары бар, бирок укпайт; алардын ооздорунан дем чыкпайт.
134:18 Аларды жасагандар, алардан эмүт кылгандар ошолорго окшоп калышат.
134:19 Ысрайыл тукуму! Теңирди даңкта! Арун тукуму! Теңирди даңкта!
134:20 Леби тукуму! Теңирди даңкта! Теңирден корккондор! Теңирди даңктагыла!
134:21 Сиондо, Иерусалимде жашаган Теңирге алкыш! Теңирди даңктагыла!
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК