Кудайдын даңкы
18:1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
18:2 Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат.
18:3 Күн күнгө сүйлөп, түн түнгө билим берет.
18:4 Алардын үнүн укпаган бир да эл, бир да улут жок.
18:5 Алардын үнү бүт жер жүзүн аралап өтөт, алардын сөзү аалам чегине жетет. Кудай алардын арасында күнгө турак жай тургузуп берди.
18:6 Ал нике үйүнөн чыккан күйөөдөй болуп чыгат; өз жолун басып өткөн күлүктөй кубанат.
18:7 Асмандын бир четинен чыгып, экинчи четине барат; анын жылуулугунан үч нерсе жашырынып кала албайт.
18:8 Кудайдын мыйзамы жеткилең, ал жанга күч берет. Теңирдин сөздөрү туура, ал жөнөкөйлөрдү акылдуу кылат.
18:9 Теңирдин буйруктары адилет, жүрөктү кубантат. Теңирдин осуяттары жарык, көздү ачат.
18:10 Теңирден коркуу – таза нерсе, ал түбөлүктүү. Теңирдин өкүмдөрү адилет, бардыгы туура.
18:11 Алар алтындан да, көп таза алтындан да баалуу; балдан да, эң таттуу балдын тамчысынан да ширин.
18:12 өз кулуңду ошолор сактап жүрөт. Аларды сактагандарга чоң сыйлык!
18:13 Ким өзүнүн күнөөлөрүн көрө алат? Мени жашыруун күнөөлөрүмдөн арылт.
18:14 өз кулуңду атайлап күнөө кылуудан сакта, алар мага үстөмдүк кылышпасын. Ошондо мен күнөөсүз болом, көп кылмыштардан алыс болом.
18:15 Оозумдан чыккан сөздөрүм менен жүрөгүмдөгү ойлорум Сага жага тургандай болсун, Теңирим, менин тирегим, Куткаруучум!
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК