Теңирди даңктоого чакыруу
28:1 Дөөттүн забуру. Кудайдын уулдары, Теңирди даңазалагыла, Аны даңктагыла, Ага урмат көрсөткүлө.
28:2 Теңирдин атын даңктагыла. Теңирге Анын даңкынын улуулугу үчүн таазим кылгыла.
28:3 Теңирдин үнү суулар үстүндө. Даңктуу Кудай күркүрөдү, Теңир көп суулардын үстүндө.
28:4 Теңирдин үнү күчтүү, Теңирдин үнү улуу.
28:5 Теңирдин үнү кедр жыгачтарын талкалап жатат, Теңир Лебанон кедрлерин кыйратып жатат.
28:6 Теңир аларды букачардай секиртүүдө, ал эми Лебанон менен Сирион тоолорун жаш өгүздөй секиртүүдө.
28:7 Теңирдин үнү чагылганды чагып чыгарып жатат.
28:8 Теңирдин үнү чөлдү титиретип жатат. Теңир Кадеш чөлүн титиретип жатат.
28:9 Теңирдин үнү жейрендерди боюнан бошотуп, токойлорду жылаңачтап жатат. Анын ийбадатканасында бардыгы Анын атак-даңкын даңазалап жатат.
28:10 Теңир топон суунун үстүндө, өз тактысында отурду, Теңир түбөлүк падыша болуп тактыга отурат.
28:11 Теңир өз элине күч берет. Теңир өз элине тынчтык берип, батасын берет.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК