Кудай менен сүйлөшүүнү эңсөө
62:1 Дөөттүн Жүйүт чөлүндө жүргөндөгү забуру.
62:2 Кудай! Сен менин Кудайымсың, Сени таң сүргөндөн баштап эле издей баштайм. Менин жаным Сени эңсейт, какшыган, суусуз эүн жерде денем Сени көксөйт.
62:3 Сенин күчүң менен даңкыңды көрүү үчүн, мен Сени ыйык жайда карадым.
62:4 Анткени өмүргө караганда Сенин ырайымың артык, оозум Сени даңктайт.
62:5 Сени өмүрүм өткөнчө ушинтип мактайм. Сенин ысымың үчүн колумду жогору көтөрөм.
62:6 Төшөгүмдө жатып Сени үстегенде, түн ичинде Сен жөнүндө ойлогондо,
62:7 менин жаным майга жана зайтун майына тойгонсуп, оозум Сени кубанычтуу эн менен даңктайт.
62:8 Анткени Сен менин жардам берүүчүмсүң, мен Сенин канатыңдын далдаасында шаттанам.
62:9 Жаным Сага байланды. Сенин оң колуң мени колдоп турат.
62:10 Ал эми мени өлтүргүсү келгендер өлгөндөр жаткан жайга түшүшөт.
62:11 Аларды кылычтап өлтүрүшөт, алар чөөлөргө жем болушат.
62:12 Падыша болсо Кудайдан кубаныч алат, Кудай менен ант бергендер даңкталышат, анткени жалган сүйлөгөндөрдүн жаагы жап болот.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК