Кудай – Сот
74:1 Ырчылар тобунун башчысына. Жок кылба. Асаптын забуру. Ыр.
74:2 Сени даңктайбыз, Кудай, Сени даңктайбыз, анткени Сенин ысымың бизге жакын экенин өзүң көрсөткөн кереметтер айгинелеп турат.
74:3 «Убакытты тандап алгандан кийин, Мен адилет сот жүргүзөм.
74:4 Жер титиреп жатат, анын үстүндө жашагандар да титиреп жатышат. Мен анын түркүктөрүн бекитем».
74:5 Акылсыздарга: «Акылсыздык кылбагыла», кудайсыздарга: «Мүйүзүңөрдү көтөрбөгүлө», – дейм.
74:6 «Мүйүзүңөрдү бийик көтөрбөгүлө, тоң моюндук кылып сүйлөбөгүлө», – дейм.
74:7 Анткени жардам батыштан да, чыгыштан да, чөлдөн да келбейт.
74:8 Бирок Кудай өзү Сот: бирин басат, экинчисин көтөрөт.
74:9 Анткени чөйчөк Кудайдын колунда, анын ичинде ар кандай ачыткыга толгон шарап көбүрүп-жабырып турат, Ал ушул чөйчөктөн куюп жатат. Жада калса, анын ачыткысын жер жүзүндөгү бардык кудайсыздар калтырбай ичишет.
74:10 Мен болсо Жакыптын Кудайын түбөлүккө жар салам, мактап ырдайм.
74:11 Бардык кудайсыздардын мүйүздөрүн сындырам, ошондо адил адамдардын мүйүздөрү көтөрүлөт.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК