Ысрайылды куткаруусун сурап Кудайга сыйынуу
78:1 Асаптын забуру. Кудай! Бутпарастар Сенин мурасыңа келишти. Сенин ыйык ийбадатканаңды булгашты, Иерусалимди урандыга айландырышты.
78:2 Сенин кулдарыңдын өлүктөрүн асмандагы куштарга жем кылышты, Сенин ыйыктарыңдын денелерин жырткычтарга жем кылышты.
78:3 Алардын кандарын Иерусалимдин тегерегинде суудай агызышты, аларды көмөр киши болгон жок.
78:4 Биз өз коңшуларыбызга күлкү болдук, тегерегибиздегилерге шылдың, күлкү болдук.
78:5 Теңир, качанга чейин ачуулана бересиң, ачууң качанга чейин от болуп күйө берет?
78:6 өз каарыңды Сени билбеген элдерге, Сенин ысымыңды чакырбаган падышачылыктарга төк.
78:7 Анткени алар Жакыпты жутушту, анын үйүн кыйратышты.
78:8 Ата-бабаларыбыздын күнөөлөрү үчүн бизди жазалаба, бизге кечиктирбей ырайым кыл, анткени биз аябай алсырап калдык.
78:9 Кудай, биздин Куткаруучубуз, өз ысымың даңкталышы үчүн, бизге жардам бер, бизди куткар, өз ысымың үчүн биздин күнөөлөрүбүздү кечир.
78:10 Бутпарастар: «Булардын Кудайы кайда?» – деп айтышпасын. Кулдарыңдын төгүлгөн каны үчүн биздин көзүбүзчө өч алганың бутпарастар арасында белгилүү болсун.
78:11 Сага туткундун онтогон үнү жетсин. өлүмгө кыйылгандарды өзүңдүн кудуретиң менен куткар.
78:12 Теңирим, Сага акарат келтиришкени үчүн, биздин коңшуларыбызды жети эсе жазала.
78:13 Ал эми биз, Сенин элиң, Сенин жайытыңдагы койлоруң, Сени түбөлүккө даңктайбыз, Сенин даңкыңды укумдан-тукумга жарыялайбыз.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК