Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 95

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    95-ЗАБУР

    Теңирди даңктоого чакыруу

    95:1 Теңирди жаңы ыр менен даңктагыла. Бүт жер жүзү, Теңирди мактап ырда!

    95:2 Теңирге ырдагыла, Анын ысымын даңктагыла, Анын куткаруусун күн сайын жарыялагыла!

    95:3 үлдер арасында Анын даңкын жарыя кылгыла, бардык уруулар арасында Анын кереметтерин даңаза кылгыла!

    95:4 Анткени Теңир улуу жана мактоого татыктуу, Ал бардык кудайлардан коркунучтуу.

    95:5 Анткени бардык элдердин кудайлары – жасалма кудайлар, ал эми Теңир асманды жараткан.

    95:6 Даңк менен улуулук Анын алдында, күч жана ыйыктык Анын ыйык жайында.

    95:7 Бүт элдер, Теңирге өзүнө тиешелүүсүн бергиле, Теңирди даңктагыла жана урматтагыла.

    95:8 Теңирди даңктагыла, Анын ысымын даңазалагыла, тартууларды алып келгиле, Анын короосуна киргиле.

    95:9 Теңирге өзүнүн ыйык жайында табынгыла. Бүт жер жүзү, Анын алдында титире!

    95:10 Бүт элдерге мындай деп айткыла: «Теңир падышачылык кылып жатат! Ошондуктан аалам бекем, солк этпейт. Ал элдерди адилет соттойт».

    95:11 Асман кубансын, жер шаттансын. Деңиз шарпылдасын, анын ичиндегилер кубансын.

    95:12 Талаа да, талаадагы бардык нерселер да кубансын, токойдогу бардык дарактар сүйүнсүн.

    95:13 Бардыгы Теңирдин алдында кубанышсын. Анткени Ал келе жатат, анткени Ал жерди соттош үчүн келе жатат. Ал ааламды адилеттик менен соттойт, элдерди өз акыйкаттыгы менен соттойт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск