Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Мөөрлөнгөндөрдүн саны

    7:1 Андан кийин мен жердин төрт бурчунда турган төрт периштени көрдүм. Алар жерге, деңизге, бир да даракка шамал тийбесин деп, жердин төрт тарабынын шамалын кармап турушуптур.

    7:2 Анан мен чыгыштан көтөрүлүп келе жаткан, колунда тирүү Кудайдын мөөрү бар башка периштени көрдүм. Ал жерге жана деңизге зыян келтирүүгө буйрук алган төрт периштеге катуу эн менен мындай деди:

    7:3 «Кудайыбыздын кулдарынын чекелерине биз мөөр басканга чейин, жерге да, деңизге да, дарактарга да зыян келтирбегиле».

    7:4 Анан мен мөөрлөнгөндөрдүн санын уктум: Ысрайылдын бардык урууларынан мөөрлөнгөндөрдүн саны жүз кырк төрт миң экен.

    7:5 Жүйүт уруусунан он эки миң адамга, Рубейин уруусунан он эки миң адамга, Гат уруусунан он эки миң адамга,

    7:6 Ашыр уруусунан он эки миң адамга, Напталы уруусунан он эки миң адамга, Менаше уруусунан он эки миң адамга,

    7:7 Шымон уруусунан он эки миң адамга, Леби уруусунан он эки миң адамга, Исахар уруусунан он эки миң адамга,

    7:8 Забулун уруусунан он эки миң адамга, Жусуп уруусунан он эки миң адамга, Бенжемин уруусунан он эки миң адамга мөөр басылыптыр.

    Ар кайсы элдердин арасынан куткарылгандар

    7:9 Ошондон кийин карасам, ар бир уруудан, ар бир улуттан, ар бир элден, ар бир тилден үч ким санай алгыс, эбегейсиз көп адамдар тактынын жана Козунун алдында ак кийим кийип, колдоруна курма пальмасынын бутагын кармап турушуптур.

    7:10 Алар эндөрүн бийик чыгарып: «Тактыда отурган биздин Кудайдан жана Козудан куткарылуу келет!» – деп айтып жатышты.

    7:11 Бардык периштелер тактыны, аксакалдарды жана төрт тирүү жандыкты тегеректеп алып, тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга мындай деп табынып жатышты:

    7:12 «Оомийин! Алкыш, даңк, даанышмандык, ыраазычылык, урмат-сый, күч-кубат жана кудурет түбөлүккө биздин Кудайыбызга таандык! Оомийин».

    7:13 Анан аксакалдардын бири сөз баштап, менден: «Бул ак кийимчендер кимдер, булар кайдан келишкен?» – деп сурады.

    7:14 Мен ага: «Сен аны билесиң, мырза», – деп жооп бердим. Ошондо ал мага мындай деди: «Булар – улуу кайгыдан келгендер. Алар өздөрүнүн кийимдерин жуушкан, алар өздөрүнүн кийимдерин Козунун канына агартышкан.

    7:15 Ошон үчүн алар азыр Кудайдын тактысынын алдында туруп, Анын ийбадатканасында Ага күнү-түнү кызмат кылып жатышат. Тактыда Отурган алардын арасында жашайт.

    7:16 Алар эми үч качан ачка болушпайт, суусашпайт, аларды күн жана үч кандай ысык куйкалабайт.

    7:17 Анткени аларды тактынын ортосундагы Козу кайтарып, тирүү суунун башатына алып барат. Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск