Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Мыйзамдын бийлигинен бошотулуу

    7:1 Же силер, бир туугандар, (анткени мыйзамды билгендерге айтып жатамын) өлгөнгө чейин адамдын үстүнөн мыйзам бийлик жүргүзөрүн билбейсиңерби?

    7:2 Анткени күйөөсү бар аял күйөөсү тирүү кезинде ага мыйзам менен байланган. эгерде күйөөсү өлүп калса, күйөөсүнө байлаган мыйзамдын бийлигинен бош болот.

    7:3 Ошондуктан аял күйөөсү тирүү кезинде башка күйөөгө тийип кетсе, анда ал нике бузуучу болуп эсептелет. эгерде күйөөсү өлүп калса, ал мыйзамдын бийлигинен бошотулат; башка күйөөгө тийсе, ал нике бузуучу болуп эсептелбейт.

    7:4 Ошол сыяктуу эле силер да, менин бир туугандарым, Кудайга жемиш алып келүү үчүн, Башкага, өлгөндөрдүн арасынан Тирилгенге, тиешелүү болуу үчүн, Машайактын денеси аркылуу мыйзам үчүн өлгөнсүңөр.

    7:5 Анткени биз эски табиятыбыздын жетегинде жашап жүргөнүбүздө, мыйзам аркылуу белгилүү болгон күнөөлүү кумарлар биздин дене мүчөлөрүбүздө өлүмгө дуушар кыла турган жемиш берүү үчүн бийлик жүргүзүшчү.

    7:6 Бизди байлап турган мыйзам үчүн өлүп, байыркы тамганын негизинде эмес, жаңыланган рух менен Кудайга кызмат кылыш үчүн, биз азыр мыйзамдын бийлигинен бошотулганбыз.

    Мыйзамдын бийлиги астындагы жашоо

    7:7 Анда эмне демекчибиз? Мыйзамдын өзү күнөөбү? Албетте, жок! Бирок мыйзам болбогондо, мен күнөө эмне экенин таанып билмек эмесмин. эгерде мыйзамда: «Бирөөнүкүнө көз артпа», – деп айтылбаса, мен көз артуу деген эмне экенин түшүнбөйт болчумун.

    7:8 Бирок күнөө осуятты шылтоо кылып, менин ичимде ар кандай көз артууну пайда кылды. Себеби мыйзам жок болсо, күнөө өлүк болот.

    7:9 Мен бир кезде мыйзамсыз эле жашачумун, бирок осуят келгенде, күнөө тирилди, мен болсо өлдүм.

    7:10 өмүргө эү болуум үчүн берилген бул осуят мени өлүмгө дуушар кылды.

    7:11 Себеби күнөө осуятты себеп кылып, мени алдап, осуят аркылуу өлтүрдү.

    7:12 Ошондуктан мыйзам ыйык, осуят да ыйык, адилет жана жакшы.

    7:13 Демек, жакшы нерсе мени өлүмгө дуушар кылдыбы? Албетте, жок! Бирок күнөө жакшы нерсенин жардамы менен мени өлүмгө дуушар кылып, күнөө катары таанылды. Ошентип, ал осуят аркылуу жогорку чектеги күнөө катары таанылат.

    7:14 Анткени биз мыйзамдын рухий нерсе экенин билебиз. Мен болсо күнөөгө сатылган адаммын.

    7:15 Мен өзүмдүн эмне кылып жатканымды түшүнбөйм. Анткени мен өзүм каалаганды эмес, өзүм жек көргөндү кылып жатам.

    7:16 үгерде мен өзүм жек көргөндү кылып жатсам, анда мен мыйзамдын жакшы экенине кошулам.

    7:17 Анда аны мен эмес, менин ичимдеги күнөө жасап жатат.

    7:18 Анткени менин ичимде, тактап айтканда, менин күнөөкөр табиятымда жакшы нерсе жок экендигин билем. Себеби жакшылык жасагым келсе да, жакшылык жасай албайм.

    7:19 Мен өзүм каалаган жакшылыкты эмес, өзүм каалабаган жамандыкты кылам.

    7:20 үгерде мен өзүм каалабаганды жасап жатсам, анда азыр аны мен эмес, менин ичимдеги күнөө жасап жатат.

    7:21 Ошентип, мен мындан мындай мыйзамды көрүп жатам: мен жакшылык жасайын дегенде, жамандык жабыша калат.

    7:22 Анткени рухум менен Кудайдын мыйзамынан ырахат алып жатам.

    7:23 Бирок дене мүчөлөрүмдө башка мыйзам бар экенин көрүп жатам. Бул да менин акылым кабыл алган мыйзамга каршы турат жана мени дене мүчөлөрүм баш ийбеген күнөөнүн мыйзамына туткун кылып жатат.

    7:24 Мен бир байкуш адаммын! өлүмгө дуушар кыла турган ушул денеден мени ким куткарат?

    7:25 Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Кудайга ыраазычылык билдирем. Ошентип, мен акылым менен Кудайдын мыйзамына, ал эми күнөөкөр табиятым менен күнөөнүн мыйзамына кызмат кылып жатам.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск