7:1 «Бери кара, бери кара, Шуламит, бери кара, бери кара, биз сени көрөлү». «Манайимдин ыр-бийлерин көргөнсүп, Шуламитти көрүп эмне кыласыңар?
7:2 Оо атактуу кыз, сандал кийген буттарың кандай сонун! Бутуңдун сулуулугу чебер устанын колунан чыккан жасалгадай!
7:3 Киндигиң жыпар жыттуу шарабы түгөнбөгөн тегерек чөйчөктөй. Ичиң лилия гүлдөрү менен жүүктелген буудай боосундай.
7:4 Төшүң эки улактай, эгиз жейрендей.
7:5 Мойнуң пилдин сөөгүнөн жасалган мамыдай, көздөрүң Бат-Рабимдин дарбазасынын жанындагы Кешпон көлүндөй, мурдуң Дамаскты караган Лебанон мунарасындай.
7:6 Башың Кармел тоосундай, башыңдагы чачың кочкул кызыл жибектей. Тармал чачың падышаны өзүнө тартып турат.
7:7 өзүңдүн сүйкүмдүү келбетиң менен кандай сулуусуң, кандай жагымдуусуң, сүйгөн кызым!
7:8 Сенин бул келбетиң курма пальмасына, төшүң жүзүм шиңгилине окшош.
7:9 “Пальмага чыксам, анын бутактарын кармасам”, – деп ойлодум. Төшүң мен үчүн жүзүм шиңгилиндей, таноолоруңдан чыккан жыт алманын жытындай болсун.
7:10 Оозуң эң сонун шараптай». «Ал түз эле досумдун оозуна агып жатат, чаңкагандарды кандырат.
7:11 Мен өз досума таандыкмын, анын эңсегени менмин.
7:12 Кел, сүйгөн жигитим, талаага чыгалы, айыл-кыштактарда түнөйлү.
7:13 үртең менен жүзүмзарларга баралы, жүзүм сабактары өсүп чыктыбы, бүчүрлөрү ачылдыбы, анар гүлдөдүбү, көрөлү. Ошол жерде мен сага сүйүүмдү көрсөтөм.
7:14 Мандрагорлор аңкыган жытын чыгарышты, эшигибиздин алдында ар кандай сонун мөмөлөр, жаңысы да, эскиси да бар. Буларды мен сен үчүн сактадым, сүйгөн жигитим.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК