3:2 «Тур, улуу шаар Нинебиге бар, Мен сага эмнени буйрусам, ошонун баарын ошол шаарда жарыяла».
3:3 Ошондо Жунус туруп, Теңирдин сөзү боюнча Нинебиге жөнөдү. Нинеби Кудайдын улуу шаары эле, анын башынан аягына чейин жөө басканда үч күндүк жол эле.
4 Жунус шаарды аралап, бир күндө канча жол басууга мүмкүн болсо, ошончо жол басып: «Кырк күндөн кийин Нинеби талкаланат», – деп жар салды.
3:5 Ошондо нинебиликтер Кудайга ишенип калышты, орозо жарыялашты, кичинесинен чоңуна чейин зумбал кийишти.
3:6 Бул сөз Нинеби падышасына жетти, ошондо ал тагынан туруп, үстүндөгү падыша кийимин чечип, зумбал кийип, күлгө отурду.
3:7 Анан падыша өзүнүн жана төрөлөрүнүн атынан Нинебиде мындай деп жар салууну буйрук кылды: «Адам да, мал да, өгүз да, кой да үч нерсе жебесин, жайытка чыкпасын, суу да ичпесин.
3:8 Адамдар да, мал да зумбал жамынып, Кудайга боздоп жалынышсын, ар бири өзүнүн жаман жолунан, зордук-зомбулук иштеринен баш тартсын.
3:9 Ким билет, балким, Кудай боорукердик кылып, өзүнүн бизге каршы жалындаган каарынан кайтар, биз өлбөй каларбыз».
3:10 Ошондо Кудай алардын иштерин, жаман жолдорунан бурулганын көрүп, аларга алаамат түшүрөм деп айткан сөзүнө өкүнүп, алаамат түшүргөн жок.