4:2 Ал Теңирге сыйынып, мындай деди: «Оо Теңир! Мен өз өлкөмдө экенде эле ушундай болот деп айтпадым беле? Ошон үчүн мен Таршышка качып кеткем, анткени Сенин жакшы, боорукер, абдан чыдамдуу, абдан ырайымдуу Кудай экениңди жана алаамат үчүн өкүнөрүңдү билгем.
4:3 Теңир, эми менин жанымды ал, анткени жашагандан көрө, өлгөнүм артык».
4:4 Ошондо Теңир: «Чыны менен эле, бул сени ушунчалык капаланттыбы?» – деди.
4:5 Жунус шаардан чыгып, анын чыгыш тарабындагы бир жерге алачык жасады да, шаар эмне болорун көрүш үчүн, ошол алачыктын алдында, көлөкөдө отурду.
4:6 Кудай-Теңир бир өсүмдүк өстүрдү. Жунусту кайгыдан куткарыш үчүн, анын башына көлөкө болуш үчүн, ал өсүмдүк жогору көтөрүлдү. Жунус ал өсүмдүккө абдан кубанды.
4:7 Бирок эртеси таң атканда, Кудай бир курт чыгарды. Курт өсүмдүктүн тамырын жеп салды, өсүмдүк куурап калды.
4:8 Күн чыкканда Кудай аптаптуу чыгыш шамалын жиберди. Күн Жунустун башын куйкалай баштады, ошондо ал алсырап, өзүнө өлүм тилеп: «Жашагандан көрө, өлгөнүм артык», – деди.
4:9 Кудай Жунустан: «Чыны менен эле, сен бул өсүмдүк үчүн ушунчалык капа болдуңбу?» – деп сурады. «Ооба, мен аябай капа болдум», – деди ал.
4:10 Ошондо Теңир мындай деди: «Сен өзүң мүэнет кылып өстүрбөгөн, бир түндө өсүп, бир түндө соолуп калган өсүмдүк үчүн өкүнүп жатасың.
4:11 Анан Мен кантип оң колун сол колунан ажырата албаган жүз жыйырма миңден ашык адамы, көп сандаган малы бар улуу шаар Нинебини аябайын?»