Кудайдан бата сурап сыйынуу
19:1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
19:2 Сен кайгырган күнү Теңир үнүңдү уксун, сени Жакыптын Кудайынын ысымы сактасын.
19:3 Ал сага ыйык жайдан жардам, Сиондон күч-кубат жөнөтсүн.
19:4 Чалган курмандыктарыңдын баарын эске алсын, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды майлуу курмандык катары кабыл алсын.
19:5 Сага жүрөгүң каалаганды берсин, бүт тилегиңди аткарсын.
19:6 Биз сенин куткарылганыңа кубанабыз, биздин Кудайыбыздын атынан туу көтөрөбүз. Теңир сенин сураганыңдын баарын берсин.
19:7 Теңир өзүнүн майланганын сактарын, Ага өзүнүн ыйык асманынан өзүнүн оң колунун куткаруучу күчү менен жооп берерин билдим.
19:8 Бири майдан арабалары менен, бири күлүк аттары менен мактанат, биз болсо Теңирдин, Кудайыбыздын ысымы менен мактанабыз.
19:9 Алар мүдүрүлүп жыгылышты, биз болсо турдук, бекем турабыз.
19:10 Теңир! Падышаны сакта, өзүңдү чакырганда, үнүбүздү уга көр.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК