Куткаргандыгы үчүн Кудайды даңктоо
20:1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.
20:2 Теңир, падыша Сенин күчүң менен шаттанат, Сенин куткарганыңа чексиз кубанат.
20:3 Сен ага жүрөгү каалаганды бердиң, анын оозунан чыккан өтүнүчтү четке каккан жоксуң.
20:4 Анткени Сен ага ырайымың менен батаңды бердиң, башына таза алтындан таажы кийгиздиң.
20:5 Ал Сенден өмүр сурады, Сен ага узун өмүр бердиң.
20:6 Сен аны куткаргандыктан, ал даңкка бөлөндү. Урмат менен улуулукту Сен ага таажы кылып кийгиздиң.
20:7 Сен ага түбөлүк батаңды берип, өзүңдүн кубанычың менен анын көңүлүн көтөрдүң.
20:8 Анткени падыша Теңирге таянат, ал Бардыгынан Жогору Тургандын ырайымы менен бекем турат.
20:9 Сенин колуң бардык душмандарыңды талкалайт, оң колуң Сени жек көргөндөрдү кыйратат.
20:10 Каарың кайнаганда, Сен аларды күйүп жаткан мештей кыласың. Теңир каарданганда, аларды кыйратат, аларды от өрттөп кетет.
20:11 Сен алардын тукумун жер бетинен, уругун адам баласынын арасынан жок кыласың.
20:12 Анткени алар Сага жамандык кылабыз деп чечим чыгарышты, бирок ишке ашыра алышкан жок.
20:13 Сен аларды бута кылып коёсуң, өзүңдүн жааңдын жебелери менен аларды бетке атасың.
20:14 Теңир, өзүңдүн күчүң менен көкөлө! Биз Сенин кудуретиңди даңктап ырдайбыз.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК