Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    үл каттоонун Кудайга жакпагандыгы. Жугуштуу оору

    21:1 Шайтан Ысрайылга каршы чыгып, Дөөттү Ысрайылды санап чыгууга азгырды.

    21:2 Дөөт Жойапка жана эл башкаргандарга: «Баргыла, Бейер-Шебадан Данга чейин Ысрайылды эсептеп чыккыла, алардын эсебин алып келгиле, мен алардын санын билейин», – деп айтты.

    Жойаптын эл каттоого каршы болушу

    21:3 Жойап: «Теңир өз элин азыркыга караганда жүз эсе көбөйтсүн. Мырзам падыша, алардын бардыгы сенин кулдарың эмеспи? Менин таксырым муну эмнеге талап кылып жатат? Ысрайылды күнөөгө батырыш үчүнбү?» – деди.

    21:4 Бирок падышанын сөзү Жойапты жеңип кетти. Жойап жөнөп кетип, бүткүл Ысрайылды кыдырып чыгып, Иерусалимге кайтып келди.

    21:5 Жойап эл каттоо тизмесин Дөөткө берди. Кылычын кынынан сууруган бардык ысрайылдыктардын саны бир миллион жүз миң адам болду, кылычын кынынан сууруган жүйүттөрдүн саны төрт жүз жетимиш миң болду.

    21:6 Алардын ичинен лебилер менен бенжеминдиктерди ал санаган жок, анткени падышанын сөзү Жойапка жаккан эмес.

    21:7 Бул иш Кудайга жаккан жок, андыктан Ал Ысрайылды жазалады.

    21:8 Дөөт Кудайга: «Ушуну кылып, оор күнөөгө баттым. эми өз кулуңдун күнөөсүн кечире көр, анткени мен акылсыз иш кылдым», – деди.

    21:9 Теңир Дөөттүн көрөгөчү Гатка мындай деди:

    21:10 «Бар, Дөөткө айт: Теңир мындай дейт дегин: “Мен сага үч жаза сунуш кылам, эчөөнүн бирин тандап ал, Мен аны өзүңдүн башыңа салам”».

    21:11 Гат Дөөткө келип: «Теңир мындай деп жатат: “өзүңө бирөөнү тандап ал:

    21:12 Же үч жыл ачарчылык болот, же үч ай душмандарыңдан качып жүрөсүң, душмандарыңдын кылычы сага жетет, же үч күн Теңир кылычын сунат, жерди жугуштуу оору каптайт, ошондо Теңирдин периштеси бүткүл Ысрайыл элин кырат”. эми ойлон, бул сөздү айттырып Жибергенге эмне деп жооп берейин», – деди.

    21:13 Дөөт Гатка: «Бул мага абдан оор болду. Бирок Теңирдин колуна түшкөнүм жакшы, анткени Ал өтө ырайымдуу, адамдын гана колуна түшпөсөм болду», – деп айтты.

    21:14 Ошондо Теңир Ысрайылга жугуштуу оору каптатты. Ысрайылдыктардын жетимиш миң адамы кырылды.

    21:15 Иерусалимди тукум курут кылыш үчүн, Кудай периште жөнөттү. Ал элди кыра баштаганда, Теңир бул апааттан кырылып жаткандарды көрүп, аларды аяп кетип, кырып жаткан периштеге: «Жетишет! эми колуңду тарт», – деди. Ошол учурда Теңирдин периштеси жебустук Арабенанын кырманынын үстүндө турган.

    21:16 Дөөт башын көтөрүп, жер менен асмандын ортосунда жалаңдаган кылычын Иерусалимге сунуп турган Теңирдин периштесин көрдү. Ошондо Дөөт да, уруу аксакалдары да зумбал жамынып, жүзтөмөндөп жыгылышты.

    21:17 Дөөт Кудайга: «үлдин санын алгыла деп, мен жибербедим беле. Күнөө кылган мен, кыянаттык кылган мен. Бул койлор эмне кылды? Кудай-Теңирим! Сенин колуң өз элиңе эмес, мага каршы, менин атамдын тукумуна каршы болсун, өз элиң тукум курут болбосун», – деп айтты.

    Дөөттүн Арабенанын кырманын сатып алышы

    21:18 Гат Дөөткө айтсын деп, Теңирдин периштеси ага: «Дөөт келип, жебустук Арабенанын кырманына Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курсун», – деди.

    21:19 Дөөт Теңирдин атынан сүйлөгөн Гаттын сөзү боюнча жөнөп кетти.

    21:20 Арабена бурулуп, периштени көрүп, төрт уулу менен жашынып калды. Арабена эгин бастырып жаткан.

    21:21 Дөөт Арабенага келди. Арабена башын көтөрүп, Дөөттү көрдү да, кырманынан чыгып, Дөөткө жерге жете таазим кылды.

    21:22 Дөөт Арабенага: «Кырманың турган жерди мага бер. Мен бул жерге Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курам. Аны мага өз баасына бер, элди кыруу токтосун», – деди.

    21:23 Арабена Дөөткө мындай деди: «Ала бер, мырзам падыша көңүлүнө жакканын кылсын. Мына, мен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка өгүздөрүмдү, отунга эгин бастырган шайманымды, нан курмандыгына буудайымды кошо берем. Бардыгын бекер берем».

    21:24 Дөөт падыша Арабенага: «Жок, мен буларды сенден өз баасына сатып алам, анткени сенин менчиктериңди Теңирге арнагым келбейт жана бекер алгандарды бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалгым келбейт», – деди.

    21:25 Дөөт кырман турган жер үчүн Арабенага алты жүз шекел алтын берди.

    21:26 Дөөт ал жерге Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай куруп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен тынчтык курмандыгын чалды. Анан Кудайды чакырды, Ал анын үнүн укту да, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык өрттөлгөн жайга асмандан от жиберди.

    21:27 Теңир периштеге: «Кылычыңды кынына сал», – деди.

    21:28 Ошол учурда Дөөт жебустук Арабенанын кырманында Теңир анын үнүн укканын көрүп, ошол жерге курмандык чалды.

    21:29 Муса чөлдө жасаган Теңирдин жыйын чатыры менен курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жай ошол кезде Гибондогу дөңсөөдө эле.

    21:30 Дөөт Кудайга кайрылуу үчүн, ал тарапка бара алган жок, анткени Теңирдин периштесинин кылычынан коркту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск