Машайактын тирилүүсү
15:1 Бир туугандар, мен силерге тараткан Жакшы Кабарды эсиңерге салайын. Силер аны кабыл алып, ага бекем ишенип калдыңар.
15:2 үгерде ага мен айткандай ишенсеңер, ал аркылуу куткарыласыңар, болбосо ишенгениңердин пайдасы жок.
15:3 Адегенде өзүм кабыл алып, анан силерге жеткирген кабарым бул: Ыйык Жазууда жазылгандай, Машайак биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлдү,
15:4 көргө коюлду жана Ыйык Жазууда жазылгандай, үчүнчү күнү тирилди.
15:5 Ал Кейфага, кийин он эки шакиртине көрүндү.
15:6 Андан кийин бир эле убакта беш жүздөн ашуун бир тууганыбызга көрүндү. Алардын көпчүлүгү азыркы күнгө чейин тирүү, айрымдарынын көзү өтүп кетти.
15:7 Андан кийин Жакыпка жана башка элчилерге көрүндү.
15:8 Акырында ай-күнүнө жетпей төрөлгөн балага окшогон мага да көрүндү.
15:9 Мен элчилердин эң кичинесимин, атүгүл, элчи деп аталууга да татыксызмын. Анткени мен Теңирдин Жыйынын куугунтуктачумун.
15:10 Бирок Кудайдын ырайымы менен азыр ким болсом, ошолмун. Анын мага кылган ырайымы текке кеткен жок, мен баарынан көп кызмат кылдым. Дегинкиси, мен эмес, Кудайдын мендеги ырайымы кызмат кылды.
15:11 Ошентип, мен да, алар да тараткан, силер ишенген Жакшы Кабар ушул.
өлгөндөрдүн тирилүүсү
15:12 Машайактын өлгөндөрдүн арасынан тирилгендиги жарыяланып жатса, күү бирөөлөрүңөрдүн: «өлгөндөр тирилишпейт», – дегени кандай?
15:13 үгерде өлгөндөр тирилишпесе, анда Машайак да тирилген жок.
15:14 үгерде Машайак тирилген эмес болсо, анда биздин Жакшы Кабар таратканыбыздын да, силердин ишенимиңердин да пайдасы жок.
15:15 үгерде өлгөндөр чын эле тирилишпесе, ал эми биз Машайакты Кудай тирилтти деп жатсак, анда Кудайга каршы жалган күбөлүк кылган болор элек.
15:16 үгерде өлгөндөр тирилишпесе, анда Машайак да тирилген жок.
15:17 үгерде Машайак тирилген эмес болсо, анда силердин ишенимиңердин пайдасы жок: күнөөлөрүңөр дагы деле өз мойнуңарда.
15:18 Анда Машайакка ишенип жүрүп көз жумгандар да тирилишпейт.
15:19 үгерде Ыйсага ушул жашоодо гана эмүттөнүп жатсак, анда биз эң бактысыз адамдарбыз.
15:20 Бирок Машайак өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилди.
15:21 өлүм бир адам аркылуу келген сыяктуу эле, өлгөндөр бир Адам аркылуу тирилишет.
15:22 Адам атанын айынан баары өлүштү, ал эми Машайак аркылуу баары тирилишет.
15:23 Ар бири өз кезеги менен тирилет: адегенде Машайак, Машайак келгенде, машайакчылар тирилишет.
15:24 Машайак бардык бийликти, үстөмдүк кылуучулукту жана күчтү жоюп, Падышачылыкты Кудай Атага өткөрүп бергенден кийин, баарынын акыры келет.
15:25 Анткени Ал бардык душмандарын өзүнүн бут алдына жыкканга чейин бийлик жүргүзүүгө тийиш.
15:26 өлүм акыркы душман катары жок болот.
15:27 Себеби Кудай бардыгын Машайактын бут алдына жыкты. Албетте, бардыгынын ичине бардыгын Ага багындырып берген Кудай кирбейт.
15:28 Бардыгы Уулга багындырылып берилгенден кийин, Уул өзү да бардыгын багындырып берген Кудайга баш иет. Ошентип, Кудай бардык бийликти өз колуна алат.
15:29 өлгөндөр үчүн чөмүлдүрүлүп жаткандар эмне кылып жатышат? эгерде өлгөн адамдар үч качан тирилишпесе, анда эмнеге өлгөндөр үчүн да чөмүлдүрүлүп жатышат?
15:30 Биз да эмнеге саат сайын өзүбүздү кыйынчылыктарга туш кылып жатабыз?
15:31 Мен күн сайын өлүмгө баш байлап жатам. Бир туугандар, Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу мен эү болгон силердин мактооңор буга күбө.
15:32 Адамдык көз караш менен айтайын, өлгөндөр тирилишпесе, эфестеги жырткычтар менен күрөшүп, өз өмүрүмдү тобокелге салып эмне кылам? «Анда ичип-жейли, баары бир өлөбүз да».
15:33 Алданбагыла, акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат.
15:34 үсиңерге келгиле, күнөө кылганды токтоткула. Уяткарыш үчүн айтайын, айрымдарыңар Кудайды али тааный элексиңер.
Тирилгенден кийинки жаңы дене
15:35 Бирок кимдир бирөө: «өлгөндөр кантип тирилишет? Алардын тирилгенден кийинки денеси кандай болот?» – дейт чыгар.
15:36 Акылсыз! Сепкен уругуң өлбөсө, өнүп чыкпайт.
15:37 Буудай себесиңби, башканы себесиңби, сен өсүмдүктүн өзүн эмес, уругун эле себесиң.
15:38 Кудай ар бир өсүмдүккө өзү каалагандай түр берет, ар бир уруктун денеси ар башка болот.
15:39 Денелердин баары бирдей эмес: адамдын, малдын, канаттуунун, балыктын денеси бири-биринен айырмалуу.
15:40 Асмандагылардын денелери бар, жердегилердин денелери бар. Асмандагылардын денелеринин даңкы башка, жердегилердин денелеринин даңкы башка.
15:41 Күндүн көркү башка, ай-жылдыздардын көркү башка. Көркү жагынан жылдыздар бири-биринен айырмаланышат.
15:42 өлгөндөрдүн тирилүүсү да ушундай болот: топуракка көмүлгөн дене чирийт, тирилген дене үч качан чирибейт.
15:43 Себилген нерсе барксыз, тирилген нерсе барктуу. Себилген нерсе алсыз, тирилген нерсе күчтүү.
15:44 Себилгени – табигый дене, тирилгени – рухий дене. Табигый дене бар, рухий дене бар.
15:45 Тооратта мындай деп жазылган: «Ошентип, биринчи адам – Адам ата тирүү жан болуп калды». Ал эми акыркы Адам – өмүр берүүчү рух.
15:46 Адегенде табигый адам, андан кийин рухий Адам келди.
15:47 Топурактан жаратылган биринчи адам жерден, экинчи Адам асмандан келди.
15:48 Жердеги адам кандай болсо, жердегилер да ошондой. Асмандан келген Адам кандай болсо, асмандагылар да ошондой.
15:49 Азыр жердеги адамдын бейнесин алып жүрөбүз, кийин асмандан келген Адамдын бейнесин алабыз.
15:50 Бир туугандарым, айтайын дегеним бул: бул дене Кудайдын Падышачылыгын мурастай албайт. Чирип калчу нерсе чирибес нерсени мурастай албайт.
15:51 Силерге бир жашыруун сыр айтайын: баарыбыз эле өлбөйбүз, бирок баарыбыз өзгөрүлөбүз.
15:52 Акыркы сурнай тартылганда, көз ачып-жумгуча өзгөрүлөбүз. Сурнай тартылганда, өлгөндөр чирибес болуп тирилишет, биз болсо өзгөрүлөбүз.
15:53 Анткени чирип калчу бул дене чирибес болот, өлүп калчу бул дене өлбөс болот.
15:54 Чирип калчу бул денебиз чирибес болгондо, өлүп калчу бул денебиз өлбөс болгондо, «өлүм жеңилди, жок болду» деген сөз аткарылат.
15:55 «өлүм! Сенин уу тишиң кайда? өлгөндөр жаткан жай! Сенин жеңишиң кайда?»
15:56 өлүмдүн уу тиши – күнөө, ал эми күнөөнүн күчү – мыйзам.
15:57 Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу бизге жеңиш берген Кудайга ыраазыбыз!
15:58 Ошондуктан, сүйүктүү бир туугандарым, бекем болгула, туруктуу болгула. Теңирдин ишин ар дайым жан-дилиңер менен кылгыла, анткени Теңир үчүн кылган эмгегиңер текке кетпестигин билесиңер.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК