Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Петра 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    1:1 Ыйса Машайактын элчиси Петирден Понтко, Галатияга, Кападокияга, Асияга жана Битинияга тараган, ошол жерлерде келгин болуп жашап жаткан,

    1:2 Кудай Атанын алдын ала билүүсү боюнча, Рухтун ыйыктоосу менен, тил алуу үчүн жана Ыйса Машайактын каны аркылуу тазалануу үчүн тандалгандарга салам! Кудай силерге мындан ары да ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

    Ыйсага ишенгендердин эмүтү

    1:3 Теңирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы даңкталсын! Анткени Ал Ыйса Машайакты өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү аркылуу бизге тирүү эмүт берүү үчүн,

    1:4 асманда сакталган чирибес, таза, соолгус мураска эү кылуу үчүн, бизди өзүнүн улуу ырайымы менен кайрадан төрөлттү.

    1:5 Акыркы убакта айкын көрүнүүгө даяр турган куткарылууга эү болууңар үчүн, силер ишенимиңер аркылуу Кудайдын күчү менен корголуп турасыңар.

    1:6 Мына ошондуктан азыр ар кандай сыноолордон бир аз кыйналышыңар керек болсо да, ошол эмүт менен кубангыла.

    1:7 Анткени сыналган ишенимиңер от менен тазаланса да, жок болуп кетчү алтындан баалуу. Ыйса Машайак келгенде, сыналган ошол ишенимиңер силерди мактоого, урмат-сыйга, атак-даңкка эү кылат.

    1:8 Силер Аны көрбөсөңөр да, сүйөсүңөр. Азыр да Ага көрбөй туруп ишенип, сөз менен жеткире алгыс, улуу кубаныч менен кубанып жатасыңар.

    1:9 Анткени ишенимиңердин максатына – жаныңардын куткарылышына жетесиңер.

    1:10 Силерге ырайым көрсөтүлө тургандыгы жөнүндө пайгамбарчылык кылган пайгамбарлар ушул куткарылууну ынталуулук менен изилдешкен.

    1:11 Машайактын тарта турган азаптарын жана алардан кийин даңк коштоору жөнүндө өздөрүндөгү Машайактын Руху алдын ала күбөлөндүрткөндө, кайсы жана кандай убакытты көрсөткөндүгүн алар изилдешкен.

    1:12 Асмандан жиберилген Ыйык Рухтун күчү менен Жакшы Кабар таратуучулар аркылуу азыр силерге жар салынып жаткан Жакшы Кабар алардын өздөрүнө эмес, бизге тиешелүү экендиги аларга белгилүү болгон. Муну периштелер да өз көздөрү менен көргүлөрү келген.

    Ыйса Машайактын каны менен ыйыкталуу

    1:13 Ошондуктан, бир туугандар, акыл-оюңар иш-аракетке даяр болсун, сергек болгула. Ыйса Машайак келгенде, силерге көрсөтүлө турган ырайымга толук эмүттөнгүлө.

    1:14 Билбестиктен баткан мурунку кумарларыңарга кайрадан ык албагыла, тескерисинче, тил алуу үчүн тандалган балдар катары

    1:15 бардык жүрүш-турушуңар ыйык болсун, анткени силерди чакырып алган Кудай ыйык.

    1:16 Себеби Ыйык Жазууда: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын», – деп жазылган.

    1:17 Ар бир адамды ишине жараша бет карамалык кылбастан соттоочу Кудайды Ата деп жатсаңар, анда келгин катары жашап жаткан убактыңарды коркунуч менен өткөргүлө.

    1:18 Анткени муундан муунга өтүп келе жаткан түйшүктүү жашоодон силер жок болуп кетчү күмүш же алтын менен эмес,

    1:19 кемчиликсиз, таза Козунун – Машайактын кымбат баалуу каны аркылуу куткарылгандыгыңарды билесиңер.

    1:20 Ал дүйнө жаратыла электен мурун эле дайындалган, бирок силер үчүн убакыттын акырында келди.

    1:21 Силер Ал аркылуу Кудайга ишенип жатасыңар. Кудайга ишенип, Андан эмүттөнүшүңөр үчүн, Кудай Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтип даңктады.

    1:22 Бир туугандык таза сүйүүгө эү болуу үчүн, рух аркылуу чындыкка тил алуу менен жаныңарды тазалап, бири-бириңерди дайыма чын жүрөктөн сүйгүлө.

    1:23 Себеби силер чирий турган уруктан эмес, чирибей турган, Кудайдын түбөлүк кала турган тирүү Сөзү аркылуу кайрадан төрөлдүңөр.

    1:24 Анткени ар бир адам чөп сыяктуу, анын даңкы да талаа гүлүндөй. Чөп куурайт, гүл соолуйт.

    1:25 Ал эми Теңирдин сөзү түбөлүк калат. Бул сөз болсо – силерге жарыяланган сөз.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск