Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 26

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    26-БөЛЄМ

    Дөөттүн Шабулду экинчи жолу аяп коюшу

    26:1 Зуптуктар Гибага, Шабулга келип: «Дөөт биздин жерде, Жешимондун оң жагындагы Хахил дөңсөөсүндө жашынып жатат», – деп айтышты.

    26:2 Ошондо Шабул ордунан туруп, Зуп чөлүн көздөй ылдый түштү, аны менен Ысрайылдын тандалган үч миң кишиси Зуп чөлүнөн Дөөттү издегени чыкты.

    26:3 Шабул Жешимондун оң жагындагы, жол боюндагы Хахил дөңсөөсүнө жайланышты. Дөөт чөлдө болчу, ал өзүнүн артынан Шабулдун чөлгө келгенин көрдү.

    26:4 Дөөт тыңчыларды жиберип, Шабулдун келгени чын экенин билди.

    26:5 Ошондо Дөөт ордунан турду да, Шабулдун кошууну турган жерге келди. Анан Дөөт Шабулдун жана анын аскер башчысы Hейир уулу Абенердин жайгашкан жерин көрдү. Шабул чатырда уктап жатыптыр, эл анын тегерегине жайланышыптыр.

    26:6 Дөөт хеттик Акимелекке жана Серуянын уулу, Жойаптын бир тууганы Абышайга мындай деп кайрылды: «Шабулга, кошуунга мени менен ким барат?» Абышай: «Сени менен мен барам», – деп жооп берди.

    26:7 Дөөт Абышай менен түн ичинде Шабулдун кишилерине келди. Шабул чатырында уктап жатыптыр, баш жагында найзасы жерге сайылып туруптур. Абенер жана эл анын тегерегинде экен.

    26:8 Ошондо Абышай Дөөткө: «Кудай бүгүн душманыңды колуңа салып берди. эми мага уруксат бер, аны найза менен жерге кадайын, мен бир эле саям, кайталабайм», – деди.

    26:9 Бирок Дөөт Абышайга: «Аны өлтүрбө, анткени Теңирдин майланганына кол көтөргөн адам жазаланбай калмак беле!» – деди.

    26:10 Дөөт мындай деди: «Теңир тирүү! Аны Теңир өзү өлтүрсүн, же анын өлөр күнү келет, же согушта ажал табат! Теңир өзүнүн майланганына кол көтөрүүмө жол бербесин.

    26:11 Анын баш жагындагы найзасы менен суу куюлган идишин ал, өзүбүз жакка кетели».

    26:12 Дөөт Шабулдун баш жагындагы найзасы менен суу куюлган идишин алды. Анан алар өздөрү жакка кетишти. үч ким көргөн да, билген да жок, үч ким ойгонгон да жок, баары уктап жаткан, анткени аларды Теңир уктатып салган эле.

    26:13 Дөөт тоонун башка бетине өтүп, алыста, чокуда турду. Алардын ортосундагы аралык алыс эле.

    26:14 Анан Дөөт элди жана Hейир уулу Абенерди чакырып: «Абенер, жооп бер», – деди. Абенер: «Сен кимсиң, эмнеге падышанын тынчын алып, кыйкырып жатасың?» – деди.

    26:15 Дөөт Абенерге мындай деди: «Сен эр жигитсиң, сага Ысрайылда ким тең келет? эмне үчүн өз мырзаңды, падышаны, жакшы коргобойсуң? Анткени падышаны, мырзаңды, өлтүрүү үчүн, эл ичинен бирөө келип кетти.

    26:16 Сенин мындай кылып жатканың жакшы эмес. Теңир тирүү! Мырзаңарды, Теңирдин майланганын, коргобогонуңар үчүн, силер өлүмгө татыктуусуңар. Карачы, падышанын баш жагында турган найза жана суу куюлган идиш кана?»

    26:17 Шабул Дөөттүн үнүн таанып: «Дөөт, уулум, бул сенин үнүңбү?» – деди. «Менин үнүм, мырзам падыша», – деп жооп берди Дөөт.

    26:18 Дөөт дагы мындай деди: «Мырзам өз кулунун артынан эмнеге аңдып жүрөт? Мен эмне кылдым? Кандай кыянаттык кылдым?

    26:19 үми менин мырзам, падыша, өз кулунун сөзүн угуп турсун: эгер Теңир сени мага каршы чыгарып жатса, анда бул кылып жатканың сенин Теңирге арнаган жыпар жыттуу курмандыгың болсун. эгерде сени мага адам баласы каршы тукурса, анда аларга Теңирдин каргышы тийсин, анткени алар: “Бар, жат кудайларга кызмат кыл”, – деп, мени Теңирдин мурасчысы кылбай, кууп жиберишкен.

    26:20 Теңирдин алдында менин каным жерге төгүлбөсүн, анткени тоодон чил кубалагансып, Ысрайыл падышасынын издеп чыкканы – бир бүргө».

    26:21 Ошондо Шабул: «Мен күнөө кылдым. Дөөт уулум, кайтып кел, анткени сага мындан кийин жамандык кылбайм, себеби менин жаным бүгүн сенин көз алдыңда кымбат болду. Мен акылсыздык кылдым, катуу жаңылдым», – деди.

    26:22 Дөөт мындай деп жооп берди: «Мына, падышанын найзасы. Жигиттердин бири келип, алып кетсин.

    26:23 Теңир ар бир адамга анын адилеттүүлүгүнө жана ишенимдүүлүгүнө жараша берсин, анткени сени Теңир менин колума салып берген, бирок мен Теңирдин майланганына кол көтөрүүнү каалаган жокмун.

    26:24 Бүгүн менин көз алдымда сенин өмүрүң кандай кымбат болсо, Теңирдин көз алдында менин өмүрүм да ошондой кымбат болсун, Ал мени ар кандай жамандыктан сактасын!»

    26:25 Шабул Дөөткө: «Уулум Дөөт, Кудай сага батасын берсин! Сен улуу иштерди кыласың, бардык ишиңде ийгиликке жетесиң!» – деди. Ошентип, Дөөт өз жолу менен кетти, Шабул да өз үйүнө кайтты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск