4:1 Рух болсо мындай деп ачык айтып жатат: акыркы убактарда адаштыруучу рухтарга жана жиндердин окутууларына кулак салып, күү бирөөлөр ишенимден четтешет.
4:2 Бул окутуулар абийири күйүп кеткен калпычылардын эки жүздүүлүгү менен таратылат.
4:3 Алар үйлөнүүгө жана Кудай жараткан күү бир тамактарды жегенге тыюу салышат. Бирок ал тамактарды ишенгендер менен чындыкты таанып билгендер ыраазычылык билдирүү менен жеши керек.
4:4 Анткени Кудай жараткан нерсенин бардыгы жакшы. эгерде ыраазычылык менен кабыл алынса, үч бир нерсе четке кагылбоого тийиш.
4:5 Себеби алардын бардыгы Кудайдын сөзү жана сыйынуу менен ыйыкталынат.
Машайактын ишенимдүү кызматчысы
4:6 Ушуну бир туугандарга эйрөтсөң, өзүң жолдогон жакшы окутуунун жана ишенимдин сөздөрү менен азыктанган, Ыйса Машайактын жакшы кызматчысы болосуң.
4:7 Пайдасыз, куру сөздөрдөн кач. Такыбаа болууга машык.
4:8 Анткени денени машыктыруудан пайда аз, ал эми такыбаалык бардык нерсеге пайдалуу, анда азыркы жана келечектеги жашоо үчүн убадалар камтылган.
4:9 Бул сөз чындык жана толугу менен кабыл алынууга арзыйт.
4:10 Анткени биз бардык адамдардын, айрыкча Ыйсага ишенгендердин, Куткаруучусу болгон тирүү Кудайдан эмүттөнгөндүгүбүз үчүн, эмгектенип да, кордукка чыдап да жатабыз.
4:11 Ушуну айтып эйрөт.
4:12 үч ким сени жашсынтпашы үчүн, сен Ыйсага ишенгендерге сөзүң менен, жүрүш-турушуң менен, сүйүэң менен, ишенимиң менен, тазалыгың менен элгү бол.
4:13 Мен келгенче, Ыйык Жазууну окуп берип, насаат айтып, эйрөтүп тур.
4:14 Пайгамбарчылык боюнча Жыйын башчыларынын кол коюп сыйынуусу аркылуу берилген жөндөмдүүлүгүңө көңүл коштук кылба.
4:15 Ошол үчүн кам көр, ошону таштаба, сенин ийгилигиңди бардыгы көргүдөй болсун.
4:16 өзүңө жана окутууга көңүл бур, ушул нерседе туруктуу бол, анткени ошентүү менен өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың.