Жыйын башчылары жөнүндө
3:1 «Ким Жыйындын башчысы болууга умтулуп жатса, ал жакшы ишти каалап жатат» деп айтылып жүргөн сөз туура.
3:2 Бирок Жыйын башчысы кемчиликсиз, бир эле жолу үйлөнгөн адам болушу керек. Ал токтоо, акыл-үстүү, адептүү, чынчыл, меймандос, окутууга жөндөмдүү,
3:3 ичкиликке жакын эмес, үч кимге кол көтөрбөгөн, көр жеме эмес, дүнүйөкор эмес, тескерисинче, кичи пейил, тынчтыкты сүйгөн, акчаны сүйбөгөн,
3:4 өз үйүн жакшы башкара билген, балдарын өзүнүн кадыр-баркы менен баш ийдире алган адам болушу керек.
3:5 Анткени өз үйүн башкара албаган адам Кудайдын Жыйыны үчүн кам көрө алабы?
3:6 Текеберденип кетип, шайтан сыяктуу сотко кабылбашы үчүн, ал Кудайга жаңы кайрылгандардан болбошу керек.
3:7 Жаман сөзгө калбаш үчүн, шайтандын торуна түшпөш үчүн, ал сырттагылар тарабынан жакшы күбөлөндүрүүгө эү болгон адам болушу керек.
Жыйын кызматчылары жөнүндө
3:8 Диакондор да өз кадыр-баркын сактай билген, эки сүйлөбөгөн, ичкиликке жакын эмес, дүнүйөкор эмес,
3:9 ишенимдин сырын таза абийир менен сактаган адамдар болуулары керек.
3:10 Бирок булар да адегенде сыналуулары керек, андан кийин, эгерде кемчиликсиз болушса, кызмат кылышсын.
3:11 Аялдар да өз кадыр-баркын сактай билген, ушак сүйлөбөгөн, акыл-үстүү, бардык нерседе ишенимдүү болуулары керек.
3:12 Диакон бир эле жолу үйлөнгөн, балдарын жана өз үйүн жакшы башкара билген адам болушу керек.
3:13 Анткени жакшы кызмат кылгандар жакшы даражага жетишет жана Машайак Ыйсага болгон ишеним жолунда зор кайраттуулукка эү болушат.
Ишенимдин жашыруун сыры
3:14 Сага жакында барам деген эмүтүм бар болсо да, балким, кечирүүк барып каламбы деп, ушул катты жазып жатам.
3:15 Чындыктын тиреги жана негизи, тирүү Кудайдын Жыйыны болгон Кудайдын үйүндө өзүңдү кандай алып жүрүүнү билишиң керек.
3:16 Ишенимдин сыры улуу экендиги шексиз: Кудай адам болуп келди, Анын адил экендиги Рух аркылуу далилденди, Ал периштелерге көрүндү, элдер арасында жар салынды, дүйнөдө ишеним аркылуу кабыл алынды, даңк менен жогору көтөрүлдү.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК