Жакшы Кабар таратууда Пабылдын тарткан азаптары
6:1 Кудайдын кызматташтары катары силерге эскертебиз: Кудайдын ырайымын кабыл алганыңар пайдасыз болуп калбасын.
6:2 Себеби Ал мындай деген: «Жакшы убакта Мен сени уктум, куткарылуу күнү сага жардам бердим». Мына азыр – жакшы убакыт, мына бүгүн – куткарылуу күнү.
6:3 Кызматыбыз сөзгө калбаш үчүн, үч кимге үч нерседе кедерги болбойбуз.
6:4 Тескерисинче, кыйынчылык келгенде, муктаж болгондо, кысымчылык болгон учурларда,
6:5 таяк жегенде, түрмөлөргө түшкөндө, куугунтуктар болгондо, эмгектенгенде, уйкусуз түндөрдө, орозо кармаганда,
6:6 тазалыкты, кеменгерликти, кең пейилдикти, чыдамдуулукту, жакшылыкты, Ыйык Рухтун күчүн жана таза сүйүүнү көрсөтүүдө,
6:7 чындык сөзүн жарыялоодо, Кудайдын күчүн көрсөтүүдө адилдиктин куралын оң колубузга да, сол колубузга да кармап,
6:8 бизди сыйлап жатышканда да, кордоп жатышканда да, жамандап жатышканда да, мактап жатышканда да – бардык учурда бардык нерсеге чыдап, өзүбүздү Кудайдын кызматчылары катары көрсөтүп жатабыз. Бизди жалганчы деп эсептешет, бирок биз ишенимдүүбүз.
6:9 Таанымал болбосок да, бизди таанышат. Бизди өлгөн адамдар катары көрүшөт, бирок биз тирүүбүз. Бизди жазалап жатышат, бирок өлгөн жокпуз.
6:10 Бизди капа кылып жатышат, бирок биз ар дайым кубанабыз. Жардыбыз, бирок биз көптөрдү байытабыз. үч нерсебиз жок, бирок биз баарына эүбиз.
6:11 Корунттуктар, силер менен ачык сүйлөштүк, силерге жүрөгүбүздү кенен ачтык.
6:12 Биз силерди жүрөгүбүзгө батырдык, бирок силер бизди батыра албадыңар.
6:13 Силерге балдарым катары кайрылып жатам, биз сыяктуу эле силер да бизге жүрөгүңөрдү кенен ачкыла.
Тирүү Кудайдын ийбадатканасы
6:14 Ишенбегендер менен бирге жат моюнтурукка кошулбагыла. Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?
6:15 Машайак менен Белиардын ортосунда кандай макулдашуу бар? Ишенген адам менен ишенбеген адамдын ортосунда кандай жалпылык бар?
6:16 Кудайдын ийбадатканасы менен буркандардын ортосунда кандай байланыш бар? Анткени силер тирүү Кудайдын ийбадатканасысыңар. Кудай мындай деген: «Алардын арасына жайгашып, алардын арасында жүрөм, алардын Кудайы болом, алар Менин элим болушат».
6:17 «Ошон үчүн алардын арасынан чыккыла, алардан бөлүнгүлө, – дейт Теңир, – арам нерселерге жолобогула, ошондо Мен силерди кабыл алам».
6:18 «Мен силерге Ата болом, силер болсо Менин уулдарым, кыздарым болосуңар», – дейт кудуреттүү Теңир.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК