Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Дөөт менен Мепибешет

    9:1 Дөөт: «Шабулдун тукумунан калдыбы? Жонатан үчүн ага жакшылык кылат элем», – деди.

    9:2 Шабулдун үйүндө Сиба деген кулу бар болчу. Аны Дөөткө чакырып келишти, падыша андан: «Сиба деген сенсиңби?» – деп сурады. Ал: «Ооба, менмин, сенин кулуң», – деп жооп берди.

    9:3 Падыша ага мындай деди: «Шабулдун тукумунан дагы ким бар? Мен ага Кудайдын ырайымын көрсөтөм». Сиба падышага: «Жонатандын аксак уулу бар», – деди.

    9:4 Падыша андан: «Ал кайда?» – деп сурады. Сиба падышага: «Ал Амиелдин уулу Махирдин үйүндө, Ло-Дебарда», – деп жооп берди.

    9:5 Дөөт падыша киши жиберип, аны Амиелдин уулу Махирдин үйүнөн, Ло-Дебардан алдырды.

    9:6 Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешет Дөөттүн алдына келип, жүзтөмөндөп жыгылып таазим кылды. Дөөт: «Мепибешет!» – деди. Мепибешет: «Мына сенин кулуң», – деп жооп берди.

    9:7 Дөөт ага: «Коркпо, мен сага сенин атаң Жонатан үчүн жакшылык кыламын. Атаң Шабулдун жерлеринин баарын сага кайрып берем, сен дайыма менин дасторконумдан тамактанасың», – деди.

    9:8 Ошондо Мепибешет таазим кылып: «Сенин кулуң ким эле? Мендей өлгөн итке эмнеге көз кырыңды салдың?» – деди.

    9:9 Анан падыша Шабулдун кулу Сибаны чакырып, мындай деди: «Шабулга жана анын тукумуна эмне тиешелүү болсо, ошонун баарын сенин мырзаңдын уулуна бердим.

    9:10 Балдарың жана кулдарың менен анын жерин иштеткин, анын түшүмүн жыйна, мырзаңдын уулунун жүүр азыгы болсун. Мырзаңдын уулу Мепибешет болсо дайыма менин дасторконумдан тамактанат». Сибанын он беш уулу жана жыйырма кулу бар эле.

    9:11 Сиба падышага: «Мырзам падыша өз кулуна эмнени буйрук кылса, кулуң ошонун баарын аткарат», – деди. Падышанын балдарынын бириндей эле, Мепибешет Дөөттүн дасторконунан тамактанчу.

    9:12 Мепибешеттин Миха деген жаш баласы бар эле. Сибанын үйүндө жашагандардын баары Мепибешеттин кулдары эле.

    9:13 Мепибешет Иерусалимде жашады, анткени ал дайыма падышанын дасторконунан тамактанчу. Ал эки бутунан тең аксап басчу.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск