Сириялыктар жана амондуктар менен болгон согуш
10:1 Бир нече мезгил өткөндөн кийин Амон падышасы өлүп, анын ордуна уулу Ханун падыша болду.
10:2 Дөөт: «Атасынын мага кылган жакшылыгы үчүн, мен Нахаштын уулу Ханунга жакшылык кыламын», – деди. Дөөт Ханунга көңүл айтуу үчүн, өз кулдарын жиберди. Дөөттүн кулдары Амон жерине келишти.
10:3 Бирок Амон төрөлөрү өздөрүнүн мырзасы Ханунга мындай дешти: «үмне, Дөөт сенин атаңды сыйлаганынан сага көңүл айтуучуларды жиберди деп ойлоп жатасыңбы? Дөөт сага өз кулдарын шаарды карап чыгууга, чалгындоого, андан соң талкалоого жиберип жүрбөсүн?»
10:4 Ошондо Ханун Дөөттүн кулдарын кармап алып, алардын ар биринин сакалынын жарымын кырып, кийимдерин белинен ылдый кесип, коё берди.
10:5 Бул жөнүндө Дөөткө билдиришкенде, ал алардын алдынан тосууга кишилерди жиберди, анткени алар маскара болушкан эле. Падыша аларга мындай деп айттырууну буйруду: «Сакалыңар өскүчө, Жериходо тура тургула, анан кайтып келгиле».
10:6 Амондуктар өздөрүнүн Дөөткө жек көрүндү болуп калышканын билип, Бейт-Рекоп менен Собадан сириялык жыйырма миң жөө аскер, Мааха падышасынан миң адам, Тобадан он эки миң адам жалдаганы кишилерди жиберишти.
10:7 Дөөт муну укканда, Жойапты эр жүрөк аскерлери менен жөнөттү.
10:8 Салгылашууга чыккан амондуктар дарбаза алдына тизилишти, ал эми Рехоп менен Собадан келген сириялыктар, Мааха менен Тобадан келген кишилер талаада турушту.
10:9 Жойап душмандын аскеринин алдынан да, артынан да өзүнө каршы коюлганын көрдү. Ошондо ал Ысрайылдын тандамал жоокерлеринин ичинен мыктыларын тандап алып, сириялыктарга каршы катарга тургузду.
10:10 Ал эми элдин калган бөлүгүн өзүнүн бир тууганы Абышайга тапшырды, аларды ал амондуктарга каршы тизди.
10:11 Жойап мындай деди: «үгер сириялыктар мени жеңип бара жатса, сен мага жардамга келесиң; эгер амондуктар сени жеңе баштаса, мен сага жардамга келем.
10:12 Кайраттуу болгун, өз элибиз үчүн, Кудайыбыздын шаарлары үчүн бекем туралы, Теңир болсо өзүнө жакканды кылат».
10:13 Ошентип, Жойап жанындагы эл менен сириялыктарга каршы согушка кирди, сириялыктар андан качып жөнөштү.
10:14 Амондуктар болсо сириялыктардын качканын көргөндө, Абышайдан качып, шаарга бет алышты. Жойап амондуктардан кайтып, Иерусалимге келди.
10:15 Сириялыктар өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көргөндө, баары бир жерге чогулду.
10:16 Ададезер суунун аркы өйүзүндөгү сириялыктарды чакырууга киши жиберди. Алар Хейламга келишти. Ададезердин аскер башчысы Шобак болсо аларга жетекчилик кылды.
10:17 Дөөткө бул жөнүндө билдиргенде, ал ысрайылдыктардын бардыгын жыйнап, Иордандан өтүп, Хейламга келди. Сириялыктар Дөөткө каршы тизилип, аны менен салгылашышты.
10:18 Бирок сириялыктар ысрайылдыктардан качып жөнөштү. Дөөт сириялыктардын жети жүз майдан арабасы менен кырк миң атчан жоокерин жок кылды. Аскер башчы Шобакты да өлтүрдү, ал ошол жерде өлдү.
10:19 Ададезерге баш ийген бардык падышалар өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көрүшкөндө, алар менен тынчтык келишимин түзүп, багынып беришти. Ошондон кийин сириялыктар амондуктарга жардам берүүдөн коркуп калышты.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК