Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Тубаса аксак адамдын айыгышы

    3:1 Петир менен Жакан сыйынуу убагында – күндүзгү саат эчтө ийбадатканага кирип бара жатышкан.

    3:2 Тубаса аксак бир адам бар эле. Ийбадатканага кирип бара жаткандардан кайыр сурасын деп, аны күн сайын көтөрүп келишип, ийбадаткананын «Кооз эшик» деп аталган эшигинин алдына отургузуп коюшчу.

    3:3 Ал ийбадатканага кирип бара жаткан Петир менен Жаканды көрүп, алардан кайыр сурады.

    3:4 Петир менен Жакан ага көңүл коюп карашты. Анан Петир ага: «Бизди карачы», – деди.

    3:5 Ал адам алардан бир нерсе алам деген эмүт менен аларды тиктеп калды.

    3:6 Бирок Петир ага: «Менде алтын-күмүш жок, бирок эмнем бар болсо, ошону сага беремин: назареттик Ыйса Машайактын атынан буйрук кыламын: ордуңдан туруп, бас», – деди.

    3:7 Анан аны оң колунан алып, ордунан турууга жардам берди. Ошол учурда анын таманы менен тизелерине күч кирди.

    3:8 Ал ордунан ыргып туруп, баса баштады. Секирип, Кудайды даңктап, алар менен бирге ийбадатканага кирди.

    3:9 Бүт эл анын басып жүргөнүн жана Кудайды даңктап жатканын көрдү.

    3:10 Алар анын ийбадаткананын «Кооз эшик» деп аталган эшигинин алдында кайыр сурап отурган адам экендигин таанышты. Анын басып жүргөнүн көрүшкөндө, эрөйлөрү учуп, аябай таң калышты.

    3:11 Айыгып калган бул аксак киши Петир менен Жакандын жанынан кетпегендиктен, айран-таң калган бүт эл алардын жанына, «Сулаймандын үйү» деп аталган кире бериш бөлмөгө тез эле чогулуп калды.

    Петирдин сөзү

    3:12 Петир муну көргөндө, элге кайрылып, мындай деди: «Ысрайыл эркектери! Буга эмне таң калып жатасыңар? Биз аны өзүбүздүн күчүбүз же такыбаалыгыбыз менен бастыргансып, бизди эмне карайсыңар?

    3:13 Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайы, ата-бабаларыбыздын Кудайы, өзүнүн Уулу Ыйсаны даңктады. Силер Аны душмандын колуна салып бердиңер, Пилат Аны бошотмокчу болгондо, силер Андан Пилаттын алдында баш тарттыңар.

    3:14 Силер ыйык жана адил Адамдан баш тарттыңар да, киши өлтүргүчтү бошотуп берүүнү талап кылдыңар,

    3:15 ал эми өмүр Башчысын өлтүрдүңөр. Бирок Аны Кудай тирилтти, Анын тирилгенине биз күбөбүз.

    3:16 өзүнө болгон ишеним үчүн Ал силер көрүп жана таанып турган бул адамга күч берди. Ал берген ишеним менен баарыңардын көз алдыңарда бул адам оорусунан айыкты.

    3:17 Агайын-туугандар, силер да, башчыларыңар да ал ишти билбестиктен кылганыңарды билем.

    3:18 Кудай болсо өзүнүн бардык пайгамбарлары аркылуу Машайактын азап тартары жөнүндө алдын ала кандай айтса, ошондой ишке ашырды.

    3:19 Ошондуктан күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, Кудайга кайрылгыла.

    3:20 Ошондо силерге Теңирден кубанычтуу мезгилдер келет, Ал силерге алдын ала дайындалган Ыйса Машайакты жиберет.

    3:21 Кудай байыркы замандардан бери өзүнүн бардык ыйык пайгамбарлары аркылуу эмнени айтып келе жатса, ошонун баары аткарылганга чейин, асман Аны кабыл алышы керек эле.

    3:22 Муса ата-бабаларыбызга мындай деген: “Кудай-Теңириңер силерге бир туугандарыңардын ичинен мен сыяктуу бир Пайгамбарды чыгарат. Анын силерге айткандарынын баарын уккула.

    3:23 Ал Пайгамбарды укпаган ар бир адам эл арасынан жок кылынат”.

    3:24 Бүт пайгамбарлар, Шемуел пайгамбар жана андан кийинки пайгамбарлар, алардын кимиси гана сүйлөбөсүн, бардыгы бул күндөр жөнүндө алдын ала айтышкан.

    3:25 Силер пайгамбарлардын уулдарысыңар жана келишимдин мурасчыларысыңар. Анткени Кудай Ыбрайым пайгамбарга: “Жер үстүндөгү бардык элдер сенин тукумуң аркылуу бата алат”, – деп, силердин ата-бабаларыңар менен келишим түзгөн.

    3:26 Кудай ар бириңерди жаман иштериңерден буруп, силерге бата бериш үчүн, өзүнүн Уулу Ыйсаны тирилтип, Аны биринчи силерге жиберди».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск