Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Биринчи диакондор

    6:1 Ошол күндөрү, шакирттер көбөйө баштаганда, бутпарас өлкөлөрдө жашаган, эллинисттерде эврейлерге каршы нааразычылык пайда болду, анткени күнүмдүк тамак-аш бөлүнүп берилгенде, алардын жесирлери эске алынбай калып жаткан эле.

    6:2 Ошондо он эки элчи бардык шакирттерди чогултуп алып, мындай дешти: «Кудайдын сөзүн таратуу ишин таштап коюп, тамак бөлүштүрүп жүргөнүбүз жакшы эмес.

    6:3 Ошондуктан, бир туугандар, элдин ишенимине эү болгон, Ыйык Рухка толгон жана акылдуу жети адамды араңардан тандагыла. Бул кызматты ошолорго тапшыралы.

    6:4 Биз болсо дайыма сыйынууну жана Кудай сөзүн айтып кызмат кылууну уланта берели».

    6:5 Бул сунуш бүт Жыйынга жакты. Ошентип, алар ишеними бекем, Ыйык Рухка толгон Степан деген адамды, ошондой эле Филипти, Прохорду, Никанорду, Тимонду, Парменди жана антийохеялык прозелит Николайды тандашты да,

    6:6 үлчилердин алдына алып келишти. элчилер сыйынып, алардын үстүнө колдорун коюшту.

    6:7 Кудайдын сөзү кеңири жайылып, Иерусалимде шакирттердин саны абдан көбөйүп жатты. Ыйык кызмат кылуучулардын ичинен да көптөрү Ыйсага ишенип калышты.

    Єчүнчү жолку куугунтук

    6:8 Ишеними бекем, күчкө толгон Степан эл арасында улуу кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүп жүрдү.

    6:9 Либертиндердин, киренеялыктардын, александриялыктардын синагогасы деп аталган синагоганын күү бир мүчөлөрү, киликиялыктардын жана асиялыктардын күү бирөөлөрү Степанга каршы чыгып, аны менен талашып-тартышышты.

    6:10 Бирок анын акылмандык менен, Рухтун күчү менен сүйлөгөн сөзүнө каршы тура алышкан жок.

    6:11 Ошондо алар күү бир адамдарга: «“Биз анын Мусага каршы сүйлөгөнүн, Кудайга акарат келтиргенин уктук” деп айткыла», – деп эйрөтүп коюшту.

    6:12 Алар элди, аксакалдарды жана мыйзам окутуучуларды тукурушту да, Степанды кармап, синедрионго алып келишти.

    6:13 Анан жалган жалаа жабуучуларды алдыга чыгарышты. Алар: «Бул адам ушул ыйык жайга жана мыйзамга каршы сүйлөгөнүн токтотпой жатат.

    6:14 Анткени биз анын: “Назареттик Ыйса бул жайды талкалап, Мусанын бизге калтырган салттарын өзгөртөт”, – деп айтканын уктук», – деп айтышты.

    6:15 Ошондо синедриондо отургандардын бардыгы Степанды тигиле карап калышты, анын жүзү периштенин жүзүндөй жаркырап турган эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск