Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Кудайга табынуучу жер

    12:1 Ата-бабаларыңдын Кудай-Теңири энчиңе берген жерде жашап жатканыңда, өмүрүң өткөнчө аткарууга аракет кыла турган көрсөтмөлөр менен мыйзамдар мына булар:

    12:2 силер эүлей турган жердеги элдердин бийик тоолордогу, дөңсөөлөрдөгү жана жашыл дарактардын түбүндөгү кудайларына сыйынган жерлерин жок кылгыла.

    12:3 Алардын курмандык чалынуучу жайларын кыйраткыла, мамыларын талкалагыла, мазар теректерин өрттөгүлө, жасалма кудайларын талкалагыла, ал жерлерден алардын атын өчүргүлө.

    12:4 Силер өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге алардай табынбашыңар керек.

    12:5 Бирок Кудай-Теңириңер бардык урууларыңдын ичинен тандап алган, Анын ысымы бар болуп турган жерге кайрылгыла, ошол жерге келгиле.

    12:6 Ошол жерге бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңарды, курмандыктарыңарды, ондуктарыңарды, өйдө көтөрө турган курмандыктарыңарды, убада боюнча алып келүүчү курмандыктарыңарды, өз каалооңор боюнча алып келүүчү курмандыктарыңарды, бодо жана майда малыңардын биринчи төлүн алып келгиле.

    12:7 Аларды ошол жерде, Кудай-Теңириңердин алдында жегиле, колуңар менен кылган, Кудай-Теңириңер батасын берген иштериңердин жемишине өз эй-бүлөңөр менен бирге кубангыла.

    12:8 Азыр бул жерде ар бирибиз өзүбүзгө эмне туура көрүнсө, ошону кылып жатабыз, бирок силер ал жерде андай кылбашыңар керек.

    12:9 Анткени Кудай-Теңириңер берип жаткан бейпил жерге кире элексиңер.

    12:10 Бирок Иордандан өтүп, Кудай-Теңириңер энчиңерге берип жаткан жерге отурукташканыңарда, Теңир тегерегиңерде жашаган бардык душмандарыңардан куткарып, силерге тынчтык бергенде, бейкут жашайсыңар.

    12:11 Ошондо Кудай-Теңириңер өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн кайсы жерди тандап алса, ошол жерге мен силерге осуяттагандардын бардыгын: бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңарды, курмандыктарыңарды, ондуктарыңарды, өйдө көтөрө турган курмандыгыңарды, Теңирге убада кылган, убада боюнча алып келүүчү курмандыктарыңардын тандалмаларын алып келгиле.

    12:12 Ошол жерде, Кудай-Теңириңердин алдында балдарыңар, кыздарыңар, кулдарыңар, күңдөрүңөр жана силердин араңарда жашаган лебилер менен бирге көңүл ачкыла, анткени лебилерге силер менен кошо элүш бөлүнгөн эмес.

    12:13 Байкагын, көрүнгөн жерге эле бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды алып келе бербе.

    12:14 Урууларыңдын ичинен Теңир өзү кайсы жерди тандап алса, ошол жерге гана алып кел. Ошол жерге бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды алып келип, мен сага осуяттагандын бардыгын жаса.

    12:15 Бирок кайсы жерде жашасаң да, Кудай-Теңириң берген малды каалашыңча Кудай-Теңириңдин батасы менен союп жесең болот. Ал мал жейрен болобу, бугу болобу, аны таза да, таза эмес да адам жесе болот.

    12:16 Канын гана жебегиле, аны суу төккөндөй эле жерге төгүп салгыла.

    12:17 үгиниңдин, шарабыңдын, зайтун майыңдын ондон бир бөлүгүн, бодо жана майда малыңдын биринчи төлүн, убада кылган, убада боюнча алып келүүчү курмандыктарыңды, өз каалооң боюнча алып келүүчү курмандыктарыңды, өйдө көтөрө турган курмандыктарыңды үйүңдө жебе.

    12:18 Аларды Кудай-Теңириң тандап алган жерде – Теңирдин алдында балдарың, кыздарың, кулдарың, күңдөрүң жана шаарыңда жашаган лебилер менен жеп, Кудай-Теңириңдин алдында өз колуңдун эмгеги үчүн көңүл ач.

    12:19 Байка, өзүң жашаган жерде лебилерди өмүрүң өткөнчө таштаба.

    12:20 Кудай-Теңириң өзү айткандай, жериңди кеңейткенде, эт жегиң келип: “үт жегим келип жатат”, – десең, анда каалашыңча же.

    12:21 Кудай-Теңириң өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жер сенден алыс болсо, анда мен буйругандай, Теңир берген бодо жана майда малыңдан союп, каалашыңча үйүңдө жей бер.

    12:22 Бирок аларды жейрен менен бугуну союп жегендей же. Аны таза да, таза эмес да адам жесе болот.

    12:23 Бирок канын жебе, себеби кан – бул жан. Жанын эти менен кошо жебе.

    12:24 Канын жебе, аны суу төккөндөй эле жерге төгүп сал.

    12:25 Теңирге жаккан иш кылгың келсе, аны жебе, ошондо өзүңө да, өзүңдөн кийинки балдарыңа да жакшы болот.

    12:26 Теңир тандап алган жерге өзүңдүн ыйык нерселериңди жана убада боюнча алып келүүчү курмандыктарыңды гана алып келсең болот.

    12:27 Ошол жерде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды чал. Анын каны менен этин Кудай-Теңириңе, курмандык чалынуучу жайга алып кел. Бирок башка курмандыктарыңдын канын Кудай-Теңириңе курмандык чалынуучу жайдын жанына төгүп сал, этин болсо же.

    12:28 Кудай-Теңириңе жаккан жакшы иштерди кылам десең, өзүңө жана өзүңдөн кийинки балдарыңа түбөлүккө жакшы болсун десең, анда мен айтып жаткан ушул сөздөрдүн баарын угуп, аткар.

    12:29 Сен эүлегени бара жаткан жердеги элдерди Кудай-Теңириң сенин алдыңдан жок кылганда, ал жерлерди эүлеп алып, отурукташып каласың.

    12:30 Ошондо сак бол, аларды жок кылгандан кийин, алардын жолун жолдоп, торго түшүп калба, алардын кудайларын издеп, “Бул элдер өз кудайларына кандай табынышса, мен да ошондой табынам” дебе.

    12:31 Кудай-Теңириңе андай кылба, анткени алар өз кудайларына Теңир жийиркенген, жек көргөн нерселерди кылышат. Алар кудайларына арнап балдары менен кыздарын отко өрттөшөт.

    12:32 Мен осуяттагандардын бардыгын аткарганга аракет кылгыла. Аларга үч нерсе кошпогула да, алардан үч нерсе албагыла.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск