Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Согуш жөнүндө

    20:1 Душманга каршы согушка чыкканыңда, алардын аттары менен майдан арабалары, эли сеникинен алда канча көп экенин көргөнүңдө, алардан коркпо, анткени сени Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириң сени менен.

    20:2 Согушка кирериңерде, ыйык кызмат кылуучу келип, элге кайрылып, мындай десин:

    20:3 “Кулак сал, Ысрайыл! Силер бүгүн душмандарыңар менен согушасыңар. Жүрөгүңөр опколжубасын, тынчсызданбагыла, коркпогула.

    20:4 Анткени Кудай-Теңириңер силердин душмандарыңар менен салгылашыш үчүн, силерди сакташ үчүн, силер менен бара жатат”.

    20:5 Көзөмөлдөөчүлөрүңөр болсо элге мындай деп айтышсын: “Ким эй салып, ага кире элек болсо, ал үйүнө кайтсын, себеби ал согушта өлүп калса, башка бирөө кирип алат.

    20:6 Ким жүзүмзар отургузуп, анын түшүмүн жыйнай элек болсо, ал үйүнө кайтсын, себеби ал согушта өлүп калса, башка бирөө анын түшүмүн жыйнап алат.

    20:7 Ким убадалашып коюп үйлөнө элек болсо, согушта өлүп калбашы үчүн, колуктусун башка бирөө алып албашы үчүн, үйүнө кайтсын”.

    20:8 Көзөмөлдөөчүлөр элге дагы мындай деп айтышсын: “Ким коркок, суу жүрөк болсо, ал бир туугандарын майтарылтпаш үчүн, үйүнө кайтсын”.

    20:9 Көзөмөлдөөчүлөр булардын баарын элге айтып бүткөндөн кийин, элге аскер башчыларды дайындашы керек.

    20:10 Шаарды басып алганы жакындаганыңда, ага тынчтык сунуш кыл.

    20:11 үгерде ал сени менен тынчтык келишимин түзүүгө макул болуп, сага дарбазасын ачып берсе, анда шаарда жашаган бардык эл сага салык төлөп, кызмат кылсын.

    20:12 үгерде ал тынчтык келишимин түзүүгө макул болбой, сени менен согуша турган болсо, анда шаарды курча.

    20:13 Кудай-Теңириң аны сенин колуңа салып бергенде, ал жердеги эркек аттуунун баарын кылычтап кырып сал.

    20:14 Кудай-Теңириң колуңа салып берген душманыңдын шаарындагы аялдарды, балдарды, малды, болгон дүнүйөсүн алып пайдалан.

    20:15 Ал элдерге караштуу эмес, сенден өтө алыс жайгашкан шаарларды да так ушундай кыл.

    20:16 Ал эми Кудай-Теңириң сенин энчиңе берип жаткан мына бул элдердин шаарларында жашаган адамдардын бирин да тирүү калтырба.

    20:17 Кудай-Теңириң буйругандай, хеттиктерди, аморлуктарды, канаандыктарды, перездиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды кырып сал.

    20:18 Алар силерди өз кудайларына табынуу учурунда кылган жийиркеничтүү иштерине эйрөтпөшү үчүн, Кудай-Теңириңердин алдында күнөө кылбашыңар үчүн, аларды кырып салгыла.

    20:19 үгерде бир шаарды басып алыш үчүн, курчоодо көпкө кармап турсаң, анда жемиши желе турган дарактарына тийбе, аларды кыйба, анткени талаадагы дарактар сенден качып жашынгыдай, адам эмес.

    20:20 өзүң билген, жемиши жегенге жарабаган дарактарды гана кыйып, кулатсаң болот. Алардан сени менен салгылашып жаткан шаарларга каршы чептерди курсаң болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск