Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Теңирдин кылычы жөнүндө

    21:1 Анан мага Теңирден сөз болду:

    21:2 «Адам уулу! Жүзүңдү Иерусалимге буруп, ыйык жайга каршы сөз айт жана Ысрайыл жерине каршы пайгамбарчылык кыл,

    21:3 Ысрайыл жерине айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен сага каршымын, өз кылычымды кынынан сууруп алып, сенин ичиңдеги адилди да, мыйзамсызды да кырам.

    21:4 Ал эми сендеги адилди жана мыйзамсызды кырыш үчүн, Менин кылычым кынынан суурулуп, түштүктөн түндүккө чейин ар бир адамга каршы шилтенет”.

    21:5 Ошондо ар бир адам Мен, Теңир, өз кылычымды кынынан сууруганымды, ал кынына кайра салынбасын билет.

    21:6 Сен болсо, адам уулу, белиң сынгансып онто, алардын көз алдында кайгыга батып онто.

    21:7 Алар сенден: “Сен эмнеге онтоп жатасың?” – деп сурашса, “Келген кабардан”, – деп жооп бер. Ошондо ар бир жүрөктүн эшү алынат, бардык колдор шалдаят, ар бир рух алсырайт, бүт тизелер сууга окшоп титирейт. Мына, бул келе жатат, иш жүзүнө ашат», – дейт Кудай-Теңир.

    21:8 Анан мага Теңирден сөз болду:

    21:9 «Адам уулу! Мындай деп пайгамбарчылык кыл: Кудай-Теңир мындай дейт: “Кылыч, кылыч курчутулду жана тазаланды.

    21:10 Ал мууздоо үчүн курчутулду, ал чагылгандай жаркыраш үчүн тазаланды”. Менин уулумдун бийлик таягынын ар кандай даракты жек көргөнүнө кубанышыбыз керекпи?

    21:11 Мен аны колго алыш үчүн, тазалоого бердим. Киши өлтүргүчтүн колуна бериш үчүн, ал кылыч курчутулду жана тазаланды.

    21:12 Адам уулу, онто, боздоп ыйла, анткени ал Менин элиме жана Ысрайылдын бүт төрөлөрүнө каршы. Алар Менин элим менен бирге кылыч мизине берилет. Ошондуктан белиңди чапкыла.

    21:13 Анткени ал сыноодон өттү. эгерде ал бийлик таягын да жек көрсө, эмне болот? Ал туруштук бере албайт, – дейт Кудай-Теңир.

    21:14 Сен болсо, адам уулу, пайгамбарчылык кыл, алаканыңды чап, ошондо кылыч эки эсе, үч эсе көбөйөт: кылыч жеңилгендерге каршы, кылыч алардын турак жайларына кирген улуу адамга каршы.

    21:15 Жүрөктөрдүн эшү алынышы үчүн, өлгөндөр мындан да көп болушу үчүн, Мен алардын бүт дарбазаларынын алдына коркунучтуу кылычты коём! Чагылгандай жаркыраган, союш үчүн курчутулган кылычты коём.

    21:16 Даярдан, оңго же солго жөнө, жүзүң кайда бурулса, ошол жакка жөнө.

    21:17 Мен да кол чабам, өзүмдүн каарымды кандырам. Мен, Теңир, айттым».

    Бабыл падышасынын кылычы жөнүндө

    21:18 Анан мага Теңирден сөз болду:

    21:19 «Сен, адам уулу, Бабыл падышасынын кылычы өтө турган эки жолду элестет, ал эки жол тең бир жерден чыгышы керек, көрсөткүч кой, шаарга кире турган жолдун башына көрсөткүч кой.

    21:20 Кылыч Амон уулдарынын Рабе шаарына жана Жүйүт аймагына, сепилдүү Иерусалимге барышы үчүн жол жаса.

    21:21 Анткени Бабыл падышасы эки жолдун айрылышына, эки жолдун башына төлгө салуу үчүн токтоду: жебелерин силкилдетти, терафимден сурады, боорду карады.

    21:22 Анын оң колундагы төлгө “Иерусалимге” деп түштү, ал жерге талкалагычтарды коюш керек экенин, өлтүрүш үчүн ооз ачыш керек экенин, согуш урааны үчүн катуу кыйкырыш керек экенин, дарбазалардын алдына талкалагычтарды коюш керек экенин, жал үйүш керек экенин, курчоо мунараларын куруш керек экенин көрсөттү.

    21:23 Бул төлгө алардын көзүнө жалган болуп көрүндү. Бирок алар ант беришкендиктен, ал алардын ушул жүзү каралыгын үстеп, аларды каратып алууну чечти.

    21:24 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер кылмыштарыңарды ачыкка чыгарып, ар бир ишиңерде өзүңөрдүн күнөөлөрүңөрдү көрсөтүп, мыйзамсыздыгыңарды өзүңөр эсиме салып жатасыңар. Муну өзүңөр эсиме салып жатасыңар, ошондуктан силер кол менен туткундалып кетесиңер.

    21:25 Сен да, Ысрайылдын татыксыз, кылмышкер жол башчысы, акыркы күнөөнүн мезгилинде күнү келген адам,

    21:26 Кудай-Теңир мындай дейт: «Баш кийимиңди чеч, таажыңды алып кой. эми андай болбойт. Кемсинтилген көтөрүлөт, көтөрүлгөн кемсинтилет.

    21:27 Кулатам, кулатам, кулатам. Ал жок болот, ал Кимге таандык болсо, Ошол келгенге чейин ошондой болот, Мен аны Ошого берем»”.

    Амондуктарга каршы көтөрүлгөн кылыч жөнүндө

    21:28 Сен, адам уулу, пайгамбарчылык кылып айт: Кудай-Теңир Амон уулдары жөнүндө жана алардын көрсөткөн кордугу жөнүндө мындай дейт де: “Кылыч, кылыч союш үчүн кынынан суурулду, кырып-жоюш үчүн, чагылгандай жаркыраш үчүн тазаланды.

    21:29 Сага курулай пайгамбарчылык кылышкандыгы үчүн, жалган төлгө ачышкандыгы үчүн сен өлүмгө өкүм кылынган, акыркы күнөөнүн убагында күнү келген мыйзамсыздарга кошуласың.

    21:30 Аны кынына кайра салайынбы? Сени өзүң жаралган жерде, өзүң туулган жерде соттойм.

    21:31 Сага каарымды төгөм, сага өзүмдүн каарымдын отун үйлөйм, сени адам өлтүргөнгө чебер, канкор адамдардын колуна салып берем.

    21:32 Сен отко жем болосуң, сенин каның жерде калат. Сен жөнүндө эскерип да коюшпайт. Муну Мен, Теңир, айттым”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск