Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Галатам 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Пабылдын элчилер тарабынан кабыл алынышы

    2:1 Он төрт жылдан кийин Титти жаныма алып, Барнаба менен чогуу кайрадан Иерусалимге бардым.

    2:2 Мен ал жакка Кудай ачып бергендиктен бардым. Бекер эле эмгектенбегенимди жана бекер эле эмгектенип жатпаганымды билиш үчүн, бутпарастардын арасында таратып жаткан Жакшы Кабар жөнүндө өзгөчө кадырлуу адамдарга айтып бердим.

    2:3 Бирок алар мени менен жүргөн Титти да, эллин болгонуна карабастан, сүннөткө отурууга мажбурлашкан жок,

    2:4 ал эми биздин Машайак Ыйса аркылуу эү болгон эркиндигибиз жөнүндө астыртан билип алып, бизди кулга айландырыш үчүн,

    2:5 Жыйынга жашыруун түрдө кирген жалган «бир туугандарга» бир азга да макул болгон жокпуз, көнгөн жокпуз. Жакшы Кабардагы чындык силерде сакталыш үчүн ошенттик.

    2:6 Күү бирөөлөр тарабынан кадырлуу деп эсептелгендер (алардын качан, кантип кадырлуу болушкандыгы мен үчүн мааниге эү эмес, анткени Кудайда бет карамалык жок) мага үч кандай кошумча нерсе жүктөшкөн жок.

    2:7 Бирок Петирге сүннөткө отургузулгандарга Жакшы Кабар таратуу иши тапшырылгандай эле, мага сүннөткө отургузулбагандарга Жакшы Кабар таратуу иши тапшырылганын билишти.

    2:8 Анткени Петирдин сүннөткө отургузулгандардын арасындагы элчилик кызматын колдоп жаткан Кудай менин да бутпарастардын арасындагы элчилик кызматымды колдоп жатат.

    2:9 Жыйындын кадыр-барктуу тиректери деп эсептелген Жакып, Кейфа жана Жакан Кудайдын мага көрсөткөн ырайымы жөнүндө билишип, мага жана Барнабага биргелешип иштөө үчүн кол сунушту. Ошентип, биз бутпарастарга бара турган болдук, алар болсо сүннөткө отургузулгандарга бара турган болушту.

    2:10 Бирок алар бизден жакырларды үстен чыгарбообузду өтүнүштү, мен бул ишти бүт күчүм менен аткарууга аракеттендим.

    Пабылдын Петирге каршы чыгышы

    2:11 Петир Антийохеяга келгенде, мен ага ачык эле каршы чыктым, анткени анын кылганы туура эмес эле.

    2:12 Жакып жиберген кишилер келгенге чейин, Петир бутпарастар менен чогуу тамактанып жүргөн. Бирок ошол сүннөткө отургузулгандар келгенде, Петир коркуп, сүннөткө отургузулбагандардан четтеп, алыстай баштаган.

    2:13 Күү бир жүйүттөр да ага окшоп эки жүздүүлүк кылышкан, атүгүл, Барнаба да аларга азгырылып, эки жүздүүлүк кылган.

    2:14 Бирок мен алардын Жакшы Кабардагы чындыкка ылайык жашашпагандыгын көргөнүмдө, бардыгынын көзүнчө Петирге: «үгерде сен жүйүт болуп туруп, жүйүттөрдөй эмес, бутпарастардай жашап жатсаң, анда эмнеге бутпарастарды жүйүттөрдөй жашоого мажбурлап жатасың?» – деп айттым.

    Ишеним аркылуу акталуу

    2:15 Биз жүйүт болуп төрөлгөнбүз, күнөөкөр бутпарастар эмеспиз.

    2:16 Бирок адам мыйзамды аткаруу менен эмес, Ыйса Машайакка болгон ишеними аркылуу гана акталарын билебиз. Ошондуктан биз да мыйзамды аткаруу менен эмес, Машайакка ишенүү аркылуу акталыш үчүн, Машайак Ыйсага ишенип калдык. Анткени мыйзамды аткаруу менен үч бир адам акталбайт.

    2:17 үгерде Машайак аркылуу акталууга умтулуп жүргөн биз өзүбүз да күнөөкөр болуп чыксак, анда Машайак күнөөнүн кызматчысы болуп калабы? Албетте, жок!

    2:18 үгерде мен өзүм талкалаганды кайра куруп жатсам, анда өзүмдү өзүм кылмышкер кылып жатам.

    2:19 Себеби мен Кудай үчүн жашайын деп, мыйзам аркылуу мыйзам үчүн өлгөм. Мен Машайак менен кошо айкаш жыгачка кадалгам.

    2:20 Азыр мен жашап жаткан жокмун, менин ичимде Машайак жашап жатат. Ал эми азыркы денедеги жашоомду айта турган болсом, мени сүйгөн жана менин ордума өзүн курмандык кылган Кудай Уулуна болгон ишеним менен жашап жатам.

    2:21 Мен Кудайдын ырайымын четке какпайм. эгерде мыйзам аркылуу акталсак, анда Машайак бекер эле өлдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск