Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Кудайдын Ыбрамды чакырышы

    12:1 Теңир Ыбрамга мындай деди: «өз жериңен, өз туугандарыңан, атаңдын үйүнөн бөлүнүп чыгып, Мен көрсөткөн жерге бар.

    12:2 Мен сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, атыңды даңазалайм, сен аркылуу башкалар бата алышат.

    12:3 Сага бата бергенге Мен батамды берем, сени каргаганды Мен каргайм. Жер жүзүндөгү бүт элдер сен аркылуу бата алышат».

    12:4 Ыбрам Теңирдин айтканы боюнча жолго чыкты. Аны менен Лот да жолго чыкты. Ыбрам Харандан чыкканда, жетимиш беш жашта эле.

    12:5 Ыбрам өзү менен кошо аялы Сараны, бир тууганынын уулу Лотту, Харанда тапкан бардык мал-мүлкүн, өздөрүнүн бардык кишилерин алып, Канаанды көздөй жол тартып, Канаан жерине келди.

    12:6 Ыбрам Канаан жерин аралап өтүп, Шекем деген жерге чейин, Море деген эмен токоюна чейин келди. Ошол убакта ал жерде канаандыктар жашашчу.

    12:7 Ошондо Теңир Ыбрамга келип, мындай деди: «Бул жерди Мен сенин укум-тукумуңа берем». Ыбрам Теңир келген жерге Ага арнап курмандык чалынуучу жай курду.

    12:8 Ал жерден ал Бейтелдин чыгыш жагындагы тоого барып, ошол жерге өз чатырын тикти. Бейтел батыш тарапта, ал эми Ай чыгыш тарапта калды. Ал Теңирге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирдин атын чакырды.

    12:9 Анан Ыбрам жыйналып, түштүктү көздөй жолун улантты.

    Ыбрам Мисирде

    12:10 Ошол өлкөдө ачарчылык болду. Ачарчылык күчөгөндүктөн, Ыбрам Мисирге жашап туруу үчүн жөнөдү.

    12:11 Ал Мисирге жакындаганда, аялы Сарага мындай деди: «Сен келишимдүү, сулуу аялсың.

    12:12 Мисирликтер сени көргөндө: “Бул – анын аялы”, – деп, мени өлтүрүп, сени тирүү калтырышат.

    12:13 Сен карындашымын дегин, сенин аркаң менен мага жакшы болсун, сенин аркаң менен тирүү калайын».

    12:14 Ыбрам Мисирге келгенде, мисирликтер Саранын абдан сулуу аял экенин көрүштү.

    12:15 Сараны фараондун төрөлөрү да көрүп, фараонго мактап барышты. Анан Сараны фараондун үйүнө алдырып келишти.

    12:16 Ошондо Саранын аркасы менен Ыбрамга жакшы болду. Ага майда жана бодо малдар, эшектер, кулдар, күңдөр, качырлар жана төөлөр берилди.

    12:17 Бирок Теңир Ыбрамдын аялы Сара үчүн фараонго жана анын эй ичине катуу ооруларды жиберди.

    12:18 Ошондо фараон Ыбрамды чакырып, мындай деди: «Бул эмне кылганың? эмне үчүн Саранын аялың экенин айткан жоксуң?

    12:19 үмне үчүн: “Ал менин карындашым”, – дедиң? Мен аны аялдыкка алып коё жаздадым. Мына, аялың, аны алгын да, кеткин».

    12:20 Анан фараон Ыбрам жөнүндө өзүнүн кишилерине буйрук берди. Алар аны аялы жана колунда болгон бардык мал-мүлкү менен узатып жиберишти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск