Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    18:1 Теңир Мамрей деген эмен токоюнун жанында Ыбрайымга келди. Ал күн ысыкта чатырдын кире беришинде отурган.

    18:2 Ал башын көтөрүп караса, тушунда үч эркек киши турган экен. Аларды көрүп, чатырдын кире беришинен утурлай чуркап барып, аларга жерге чейин башын ийип таазим этти.

    18:3 Анан мындай деди: «үгедерим! эгерде мен Сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом, кулуңдун жанынан кыя өтпө.

    18:4 Азыр бир аз суу алып келип, бутуңарды жууп беришет. Ушул дарактын түбүндө эс алгыла.

    18:5 Мен тамак-аш алып келейин, кубаттанып алып, жолго чыккыла, анткени кулуңардын жанынан өтүп баратасыңар». Алар ага: «Айтканыңдай кыл», – дешти.

    18:6 Ошондо Ыбрайым чатырга шашып кирип, Саарага мындай деди: «Бол тезирүүк, эң жакшы ундан үч сата камыр жууруп, ачыткысыз нан жасай кой».

    18:7 Анан Ыбрайым бадага чуркап барып, бир жакшы жаш музоону алып келип, уланга карматты. Улан аны даярдаганга шашты.

    18:8 Анан май, сүт, бышырылган музоо этин алып келип, алардын алдына койду. Алар тамак жеп жатышканда, өзү алардын жанында, дарактын түбүндө турду.

    18:9 Алар андан: «Аялың Саара кайда?» – деп сурашты. Ал: «Ушул жерде, чатырда», – деп жооп берди.

    18:10 Алардын бири мындай деди: «Мен келерки жылы ушул эле убакта сеникинде болом, ошондо аялың Саара уулдуу болот». Саара болсо анын артындагы чатырдын оозунда угуп турган эле.

    18:11 Ыбрайым менен Саара картайып, улгайып калышкан эле. Сааранын аялдарга мүнөздүү нерсеси токтоп калган болчу.

    18:12 Саара ичинен күлүп: «Картайып калганда, мага ушундай сооронуч болмок беле? Мырзам да кары», – деди.

    18:13 Ошондо Теңир Ыбрайымга мындай деди: «“Картайып калганымда кантип эле төрөйүн?” – деп, Саара эмне үчүн күлдү?

    18:14 Теңир үчүн кыйын нерсе барбы? Келерки жылы, айтылган мөөнөттө Мен сеникинде болом, ошондо Саара уулдуу болот».

    18:15 Саара болсо: «Мен күлгөн жокмун», – деп, мойнуна албай койду. Анткени ал коркуп кеткен эле. Бирок Ал: «Жок, сен күлдүң», – деди.

    18:16 Анан алар орундарынан турушту да, ал жерден Содомго жөнөштү. Ыбрайым аларды узатып коюу үчүн, алар менен кошо жөнөдү.

    18:17 Ошондо Теңир мындай деди: «Мен кыла турган ишимди Ыбрайымдан жашырмак белем!

    18:18 Ыбрайымдан улуу жана күчтүү эл чыгары анык. Жер жүзүндөгү бардык элдер ал аркылуу бата алышат.

    18:19 Анткени Мен аны өз уулдарына жана өзүнөн кийинки укум-тукумуна чындык жана адилеттүүлүк менен жашоону, Теңирдин жолунда жүрүүнү осуяттасын деп тандап алдым. Теңир Ыбрайымга айтканын орундатат».

    18:20 Анан Теңир мындай деди: «Содом менен Амордун күнөөсү абдан оор, алардан кордук көргөндөрдүн ыйы катуу.

    18:21 Түшүп көрөйүн, алардын кылып жаткан иштери Мага жеткен ыйчалык бекен же жокпу, билейин».

    18:22 Ошентип, алар ал жерден бурулуп, Содомго кетишти. Ыбрайым болсо дагы эле Теңирдин алдында турду.

    18:23 Анан Ыбрайым Теңирге жакын келип, мындай деди: «Кантип эле Сен адил адамды мыйзамсыз менен бирге жок кыласың?

    18:24 Балким, бул шаарда элүү адил адам бардыр? Кантип эле Сен ал жердеги элүү адил адам үчүн аларга ырайым кылбай жок кыласың?

    18:25 Мыйзамсызга эмне болсо, адилге да ошол болбошу үчүн, Сен адилди мыйзамсыз менен бирге жок кылбайсың, Сен үч качан андай кылбайсың! Бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиз сот жүргүзмөк беле?»

    18:26 Ошондо Теңир мындай деди: «үгерде Мен Содом шаарынан элүү адил адам тапсам, анда Мен алар үчүн ал жерге ырайым кылам».

    18:27 Ыбрайым: «Мен топурак жана күл болсом да, эгедериме сүйлөгөнгө батындым.

    18:28 үгерде элүү адилге бешөө жетпей калса, жетпеген беш адам үчүн Сен бүтүндөй шаарды кыйратасыңбы?» – деп сурады. Теңир ага: «үгерде андан кырк бешти тапсам, кыйратпайм», – деп жооп берди.

    18:29 Ыбрайым Теңир менен сүйлөшүүсүн улантып: «Мүмкүн, ал жерден кырк адил адам табылар», – деди. Теңир ага: «Кырк адам үчүн да андай кылбайм», – деди.

    18:30 Ыбрайым дагы: «Менин айта турган сөзүмө эгедерим каарданбаса экен. Мүмкүн, ал жерден отузу табылар?» – деди. Теңир ага: «үгер отузу табылса да, андай кылбайм», – деди.

    18:31 Ыбрайым дагы: «Мен эгедериме сүйлөгөнгө батындым. Мүмкүн, ал жерден жыйырмасы табылар?» – деди. Теңир ага: «Жыйырмасы үчүн да андай кылбайм», – деди.

    18:32 Ошондо Ыбрайым Теңирге: «Мен дагы бир жолу айтсам, эгедерим каарданбаса экен. Мүмкүн, ал жерден ону табылар?» – деди. Теңир ага: «Ону үчүн да жок кылбайм», – деди.

    18:33 Ошондо Теңир Ыбрайым менен сүйлөшүүсүн токтотуп, анын жанынан кетти. Ыбрайым болсо өз үйүнө кайтып келди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск