Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Аввакум 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Теңирдин жообу

    2:1 Мен өз күзөт ордумда турдум, мунара үстүндө туруп, Теңир мага эмне деп айтарын билиш үчүн, менин даттануума эмне деп жооп берерин билиш үчүн, күтүп турдум.

    2:2 Ошондо Теңир мага мындай деп жооп берди: «Көрүнүштү жаз, окуй турган адам оңой окуй алыш үчүн, аны таш лоокторго даана жазып кой.

    2:3 Анткени көрүнүш белгилүү бир мезгилге таандык, ал акыркы күн жөнүндө айтат, алдабайт. Анын аткарылуу убактысы создуктурулуп жатса да, күт, анткени ал сөзсүз ишке ашат, аткарылбай койбойт.

    2:4 Текебер адам тынч ала албайт, ал эми адил адам өз ишеними менен тирүү болот.

    Адилетсиздерге чыгарылган өкүм

    2:5 Текебер адам ачыган шарапка окшош, тынчыбайт. Ал өлгөндөр жаткан жайга окшоп араанын ачат, өлүмгө окшоп үч нерсеге тойбойт, ал өзүнө бардык элдерди чогултат, бардык урууларды жыйнайт.

    2:6 Бирок элдердин баары ал тууралуу лакап айтып, шылдыңдуу ыр чыгарып: “өзүн өзүнүкү эмес, башка бирөөнүкү менен ченемсиз байыткан, өзүнө күрөөнү үйүп алган адамга кайгы! Бул качанкыга чейин созулат дейсиң!” – дешет.

    2:7 Сени тытып жей тургандар капысынан чыкпайт бекен? Талап-тоноочулар сага каршы көтөрүлбөйт бекен? Алар сени талап-тоношот.

    2:8 Сен көп элдерди талап-тоногонсуң, адам канын төккөнсүң, өлкөнү, шаарды жана анда жашагандардын баарын кыйраткансың, ошон үчүн сени да башка элдер талап-тоношот.

    2:9 өзүн жамандыктан сакташ үчүн, уясын бийик жерге салыш үчүн, арам жол менен байлык жыйнаган адамга кайгы!

    2:10 Сен көп элдерди кырып, өз үйүңдү уят кылдың, өз жаныңа каршы күнөө кылдың.

    2:11 Дубалдардын таштары боздоп ыйлашат, жыгач устундар аларга мындай деп жооп беришет:

    2:12 “Кан төгүп шаар курганга, мыйзамсыздык менен чеп курганга кайгы!”»

    2:13 үлдердин эмгегин от жалмап жатканы, уруулардын өздөрүн өздөрү бекер кыйнап жатышканы Себайот Теңирден эмес бекен?

    2:14 Анткени суулар деңизди толтургандай, жер Теңирдин даңкын таанып билүүгө толот.

    2:15 Сага кайгы, анткени сен жакыныңа өзүңдүн кыянаттыгың кошулган ичимдик берип жатасың, анын жылаңач этин көрүш үчүн, аны мас кылып жатасың!

    2:16 Сен даңкка эмес, маскарачылыкка тойдуң. Сен да ич, жылаңач этиңди көрсөт. Теңирдин оң колундагы чөйчөк сага да жетет. Сага даңк эмес, маскарачылык келет.

    2:17 Анткени сен Лебанондо кыянаттык кылдың, эрөйү учкан жаныбарларды кырдың, адам канын төктүң, өлкөнү, шаарды жана анда жашагандардын баарын кыйраттың.

    2:18 Сүрөтчү жасаган буркандан, куюлуп жасалган бул жалган окутуучудан эмне пайда? Уста сүйлөбөгөн кудайларды жасап, өз чыгармасына таянганы менен, андан эмне пайда?

    2:19 Жыгачка: «Тур!» – деген, энсүз ташка: «Ойгон!» – деген адамга кайгы! Ошолор бир нерсеге эйрөтө алышабы? Ал алтын-күмүш менен капталган, анын жаны жок.

    2:20 Теңир болсо өзүнүн ыйык ийбадатканасында. Анын алдында бүт жер жүзү эндөбөсүн!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск