Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Евреям 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Сак болуу жөнүндө

    2:1 Ошондуктан ишенимден тайбаш үчүн, уккан сөзүбүзгө өзгөчө маани беришибиз керек.

    2:2 үгерде периштелер аркылуу жарыяланган сөз милдеттендирүүчү сөз болгон болсо, ар бир күнөө, тил албастык тиешелүү жазасын алган болсо,

    2:3 ушундай улуу куткарылууну барк албай койсок, анда биз жазадан кантип качып кутулабыз? Башында Теңир тарабынан жар салынган бул куткарылууну бизге Андан уккандар ырастап беришти.

    2:4 Кудай да аны өзүнүн керемет-жышаандары, ажайыптары, ар түрдүү күчтөрү жана өз каалоосуна жараша Ыйык Рухту бөлүштүрүп берүүсү менен күбөлөндүргөн.

    Машайактын кемсинтилиши жана даңкталышы

    2:5 Анткени Кудай биз айтып жаткан келечектеги ааламды периштелерге багындырып берген эмес.

    2:6 Бирөө бир жерде мындай деп күбөлөндүргөн экен: «Сен унутпагыдай, адам ким? өзүң келип тургудай, адам баласы ким?

    2:7 Сен аны периштелердин алдында бир аз убакытка эле басынттың. Ага урмат менен атак-даңкты таажы кылып кийгиздиң. Аны өз колуң менен жасагандарыңдын үстүнө башчы кылып койдуң.

    2:8 Бардыгын бут алдына жыгып, багындырып бердиң». Бардыгын Ага багындырып бердиң, Ага багындырылбаган нерсе калган жок, бирок баары Ага багындырылганын азырынча көрө элекпиз.

    2:9 Бирок биз периштелердин алдында бир аз эле убакытка басынтылган Ыйсанын өлүмдү баштан кечиргендиги үчүн даңк менен урматты таажы катары кийгендигин көрдүк. Ал Кудайдын ырайымы боюнча бардыгы үчүн өлүмдү башынан кечирди.

    2:10 Баары Ал үчүн жана Ал аркылуу жаратылган. Көптөгөн балдарын даңкка жетелеген Ал алардын куткарылуусунун Башчысын азап чегүүлөр аркылуу жеткилең кылышы керек эле.

    2:11 Анткени ыйыктаган да, ыйыкталгандар да – баары бир Атадан. Ошондуктан Ыйса аларды бир туугандарым дегенден уялбайт:

    2:12 «Сенин ысымыңды бир туугандарыма жарыялайм, Сени жыйында даңктап ырдайм», – дейт.

    2:13 Ошондой эле: «...Мен Андан эмүттөнөм», дагы: «Мына, Мен жана Кудайдын Мага берген балдары», – дейт.

    2:14 Балдарынын денеси эттен жана кандан тургандыктан, Ыйса да эт менен кандан турган денеге эү болду. Ал өз өлүмү менен өлүм бийлигине эү шайтанды күчүнөн ажыратыш үчүн,

    2:15 өлүмдөн коркуп, өмүр бою кул болуп жүргөндөрдү эркиндикке чыгарыш үчүн, денеге эү болду.

    2:16 Себеби Ал периштелер үчүн эмес, Ыбрайымдын тукуму үчүн кам көрөт.

    2:17 Ошондуктан Ал Кудай алдында ырайымдуу, ишенимдүү Башкы ыйык кызмат кылуучу болуш үчүн, адамдардын күнөөлөрү үчүн чалына турган ырайым курмандыгы болуш үчүн, бардык жагынан бир туугандарына окшош болууга тийиш эле.

    2:18 өзү сыналып азап чеккендиктен, сыналып жаткандарга да жардам бере алат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск