Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Евреям 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Кудай убада кылган тынчтык

    4:1 Анын бейпил жайына кирүү жөнүндөгү убада күчүндө турганда, арабыздан үч ким кечигип калбашы үчүн сак бололу.

    4:2 Аларга жарыяланган сыяктуу эле, Жакшы Кабар бизге да жарыяланды. Ишеним менен кабыл алышпагандыктан, аларга өздөрү уккан сөз пайда алып келген жок.

    4:3 Ал эми биз, ишенгендер, бейпил жайга киребиз. Анткени Кудай мындай деген: «Каарданып турганымда, мындай деп ант бердим: “Алар үч качан Менин бейпил жайыма киришпейт”». өзүнүн иштери дүйнө жаратылып бүткөн кезде эле аягына чыккан болсо да, Ал ушинтип айткан.

    4:4 Ыйык Жазууда жетинчи күн жөнүндө мындай деп айтылган: «... өзүнүн бардык иштерин бүтүрүп, жетинчи күнү эс алды».

    4:5 Ошондой эле: «Алар Менин бейпил жайыма киришпейт», – деп да айтылган.

    4:6 Ошентип, күү бирөөлөрдүн бейпил жайга кирери шексиз. Ал эми мурун уккандар өздөрүнүн тил албастыгынан улам киришкен жок.

    4:7 Ушунча көп убакыт өткөндөн кийин, жогоруда айтылгандай, Дөөт аркылуу: «Бүгүн Анын үнүн укканыңарда, жүрөгүңөрдү катуулантпагыла», – деп айтуу менен, дагы бир күндү – «бүгүндү» белгиледи.

    4:8 үгерде Нундун уулу Жашыя аларды бейпил жайга киргизген болсо, анда Кудай ошондон кийин башка бир күн жөнүндө сөз кылбас эле.

    4:9 Демек, Кудайдын эли үчүн ишемби күн али алдыда.

    4:10 Кудай өз иштерин бүтүргөндөн кийин эс алгандай эле, Анын бейпил жайына кирген адам да өз иштерин бүтүргөндөн кийин эс алат.

    4:11 Ошондуктан ошол бейпил жайга кирүүгө аракеттенели. үч ким аларга окшоп тил албастык кылып жыгылбасын.

    4:12 Себеби Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч: ал жандан рухту ажыратып, муунга чейин, сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктөгү ойлорду, ниетти соттойт.

    4:13 Андан жашыруун үч бир жан жок. Анын көз алдында баары ачык-айкын. Анын алдында жооп беребиз.

    Машайак – улуу Башкы ыйык кызмат кылуучу

    4:14 Асмандан да жогору көтөрүлүп кеткен улуу Башкы ыйык кызмат кылуучубуз Кудай Уулу Ыйса бар болгондуктан, ачык тааныган ишенимибизди бекем туталы.

    4:15 Ал биздин алсыздыгыбызга боору оорубаган Башкы ыйык кызмат кылуучу эмес. Ал биз сыяктуу бардык жагынан сыналган, бирок күнөө кылган эмес. Биздин ушундай Башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар.

    4:16 Ошол себептен жардам керек болгон убакта Анын мүүримин көрүп, Андан ырайым табыш үчүн, ырайым тактысына кайраттуулук менен жакындайлы.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск