үфиопиянын жазаланары жөнүндө
18:1 үфиопия дарыяларынын аркы өйүзүндөгү канаттардын ызылдаганына толгон жерге кайгы!
18:2 Ал – деңиз менен элчилерин жөнөткөн, сууларда камыш кемелер менен жүргөн жер. Күлүк элчилер, күчтүү, сергек элге, башынан ушул кезге чейин коркунучтуу болгон элге, дарыялар кесип өткөн жерди тебелеп-тепсеген узун бойлуу элге баргыла!
18:3 Силер баарыңар, ааламда жашагандар, жер тургундары! Тоодон туу көтөрүлгөндө, карагыла, сурнай тартылганда, уккула!
18:4 Анткени Теңир мага мындай деп айткан: «Жамгырдан кийинки жарык нурдай болуп, кырман маалындагы аптапта булуттан түшкөн шүүдүрүмдөй болуп, Мен өзүмдүн турагымдан силерди тынч карап турам».
18:5 Анткени жыйнаганга чейин эле, жүзүм гүлдөп бүтүп, мөмөсү быша баштаганда эле, Теңир бычак менен сабагын кесип салат, жаш бутагын кыйып салат.
18:6 Анан бардыгын тоодогу жырткыч куштарга жана талаа жырткычтарына калтырышат. Ошондо жырткыч куштар ал жерде жайды өткөрүшөт, ал эми бардык талаа жырткычтары ошол жерде кышташат.
18:7 Ошол учурда Теңир Себайотко, Теңир Себайоттун ысымы турган Сион тоосуна бардыгын тебелеп-тепсеп, эзелтен коркунуч туудуруп келген, жерин дарыялар кесип өткөн, узун бойлуу, күчтүү, сергек эл тартуу алып келет.
СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК