Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Мисир жөнүндөгү пайгамбарчылык

    19:1 Мисир жөнүндө пайгамбарчылык. Мына, Теңир жеңил булутка отуруп алып, Мисирге келе жатат жана Анын жүзүнөн Мисир буркандары титирейт, Мисирдин жүрөгү түшөт.

    19:2 «Мен мисирликтерди өздөрүнө каршы куралдандырам. Ошондо бир тууган бир тууганга каршы, дос доско каршы, шаар шаарга каршы, падыша падышага каршы салгылашат.

    19:3 Ошондо Мисирдин руху алсырайт, алардын кеңешин бузам. Ошондо алар буркандарга, сыйкырчыларга, өлгөндөрдү чакыргандарга, төлгөчүлөргө кайрылышат.

    19:4 Мисирликтерди ырайымсыз өкүмдардын колуна салып берем, аларга катаал падыша бийлик кылат», – дейт Теңир, Себайот Теңир.

    19:5 Деңиз суулары соолуйт, дарыя какшыйт.

    19:6 өзөндөр сасыйт, Мисирдин каналдары какшыйт, жылгындар менен камыштар куурайт.

    19:7 Дарыянын боюндагы талаалар, дарыянын жүүктери, дарыяны бойлото эгилгендин баары куурайт, шамал учуруп жок болот.

    19:8 Балыкчылар ыйлашат, дарыяга кайырмак салгандардын баары боздошот, сууга тор жайгандардын ындыны өчөт.

    19:9 Зыгыр иштеткендердин, ак кездеме токуучулардын айласы кетет.

    19:10 Тосмолордун негизи талкаланат, тирүү балык кармаган тору бар адамдардын баарынын көңүлдөрү чөгөт.

    19:11 Соан башчылары акылынан ажырашты. Фараондун акылдуу кеңешчилери берген кеңеш маанисиз кеңеш болуп калды. Силер фараонго: «Мен акылмандардын уулумун, байыркы падышалардын уулумун», – деп, кантип айтасыңар?

    19:12 үми алар кана? Кана сенин акылмандарың? Алар сага айтышсын, Себайот Теңирдин Мисир жөнүндө кандай чечим чыгарганын билишсин.

    19:13 Соан башчылары акылдан адашышты, Ноп мырзалары алданып калышты, анын уруу башчылары Мисирди тескери жолго салышты.

    19:14 Теңир ага мас кылуучу рухту жиберди. өз кусундусуна оонаган мастай кылып, алар Мисирди бардык ишинде адаштырышты.

    19:15 Мисирде баш да, куйрук да, пальма бутагы да, камыш да үч нерсе кыла албайт.

    Мисирдин Теңирди даңктары жөнүндө

    19:16 Ошол күнү мисирликтер аялдарга окшоп калышат, Себайот Теңирдин аларга көтөрүлгөн колунан коркуп титирешет.

    19:17 Жүйүт жери Мисирдин эрөйүн учурган жер болуп калат. Жүйүт жөнүндө үстеген адам Себайот Теңирдин Мисирге чыгарган өкүмүнөн титирейт.

    19:18 Ошол күнү Мисир жериндеги беш шаар канаан тилинде сүйлөп, Себайот Теңир менен ант берет. Алардын бири Күн шаары деп аталат.

    19:19 Ошол күнү Теңирге арналган курмандык чалынуучу жай Мисирдин ортосунда болот жана Теңирге арналган үстелик анын чек арасында болот.

    19:20 Ал Мисир жеринде Себайот Теңир жөнүндө эскерткен белги жана күбөлөндүрүү болот. Анткени алар Теңирге эзүүчүлөрдүн айынан кайрылышат, ошондо Теңир аларга куткаруучу менен арачыны жиберип, аларды куткарып алат.

    19:21 Ошондо Мисирде Теңир өзүн көрсөтөт, ошол күнү мисирликтер Теңирди таанышат, курмандыктарды чалышат, тартууларды алып келишет, Теңирге убадаларды беришет, аларды аткарышат.

    19:22 Ошентип, Теңир Мисирди урат да айыктырат. Алар Теңирге кайрылышат, Теңир аларды угуп, айыктырат.

    19:23 Ошол күнү Мисир менен Ашурдун ортосуна чоң жол салынат, ошондо ашурлуктар Мисирге, мисирликтер Ашурга келип турушат. Мисирликтер ашурлуктар менен бирге Теңирге кызмат кылышат.

    19:24 Ошол күнү Ысрайыл Мисир менен Ашурдан кийин үчүнчү болот, Кудайдын батасы жердин ортосунда болот.

    19:25 Анткени Себайот Теңир ал жерге: «Менин элим – мисирликтер баталуу, Менин колумдун иши – ашурлуктар баталуу, Менин мурасым – Ысрайыл эли баталуу», – деп бата берет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск