Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    8:1 Теңир мага: «Бир чоң түрмөк кагаз ал, ага адамдар жазган жазуу менен “Майер-Шалал-Хаш-Бас”деп жаз», – деп айтты.

    8:2 Ошондо мен жаныма ишенимдүү күбөлөрдү: ыйык кызмат кылуучу Урий менен Жеберехия уулу Захарияны алдым.

    8:3 Анан пайгамбар аялга келдим, ал кош бойлуу болуп, уул төрөдү. Теңир мага: «Баланын атын Майер-Шалал-Хаш-Бас деп кой деди.

    8:4 Анткени бул бала “ата”, “апа” деп айта алганга чейин, Дамасктын байлыгы менен Самариянын олжолорун Ашур падышасынын алдына көтөрүп барышат».

    Ашур падышасынын кол салышы

    8:5 Теңир мага сүйлөгөнүн улантып, дагы мындай деди:

    8:6 «Бул эл жай аккан Шилоахтын сууларын барктабай, Ретсинге жана Ремалиянын уулуна суктанганы үчүн,

    8:7 Теңир бул элге буркан-шаркан түшүп аккан чоң дарыяны – Ашур падышасын бүт атак-даңкы менен каптатат. Ошондо ал өзүнүн нугунан көтөрүлүп, жүүктеринен ашып-ташыйт.

    8:8 Анан ал бүт Жүйүт жерине кирип, аны каптап, жогору көтөрүлүп, мойнуна чейин жетет. Алардын жайылган канаты Сенин жергеңдин бир четинен экинчи четине чейин жетет, эмануел!»

    8:9 Жоолашкыла, элдер, бирок титирегиле, уккула, бүт алыскы жерлер! Куралдангыла, бирок титирегиле, куралдангыла, бирок титирегиле!

    8:10 Согуш планын түзө бергиле, бирок аныңар бузулат, чечим чыгара бергиле, бирок аныңар жүзөгө ашпайт, анткени Кудай биз менен!

    Мүдүрүлтө турган таш

    8:11 Анткени Теңир өзүнүн күчтүү колун менин үстүмө коюп, бул элдин жолу менен жүрбө деп эскертип, мындай деди:

    8:12 «Бул эл чыккынчылык деп эсептегендин баарын эле чыккынчылык деп эсептей бербегиле. Бул эл корккон нерседен коркпогула да эрөйүңөрдү учурбагыла.

    8:13 Себайот Теңирди, Аны, ыйык туткула, Ал силердин коркунучуңар, Ал силердин титирөөңөр!

    8:14 Ал Ысрайылдын эки уруусу үчүн ыйык жай, мүдүрүлтө турган таш, азгыруучу аска болот. Иерусалимде жашагандар үчүн сыйыртмак, жайылган тор болот.

    8:15 Алардын көбү мүдүрүлөт, жыгылат, талкаланат, жайылган торго чалынат жана колго түшөт.

    Теңирге таянуу жөнүндөгү буйрук

    8:16 Күбөлөндүрүүнү сакта, Менин шакирттеримдин көзүнчө мыйзамга мөөр бас».

    8:17 Мен Жакыптын тукумунан өз жүзүн жашырган Теңирге ишенем, Андан эмүт кылам.

    8:18 Мына, мен жана Кудай берген менин балдарым: биз Сион тоосунда жашаган Себайот Теңирдин Ысрайылга берген аяны жана белгиси болобуз.

    8:19 Силерге: «өлгөндөрдү чакыргандарга, сыйкырчыларга, күбүрөп-шыбырагандарга жана ичинен сүйлөгөндөргө кайрылгыла», – дешкенде, силер: «үл өз Кудайына кайрылууга тийиш эмеспи? өлгөндөрдөн тирүүлөр жөнүндө сурамак беле?» – деп жооп бергиле.

    8:20 Мыйзам менен күбөлөндүрүүгө кайрылгыла. эгерде алар бул сөздү айтпаса, анда аларда жарык жок.

    8:21 Алар жер үстүндө аёосуз эзилип, ач-жылаңач тентишет жана ачкачылык учурунда ачууланышып, өз падышасы менен өз Кудайына акарат келтиришет.

    8:22 Асманга көз чаптырышат, жерди карашат: кайгы жана караңгылык, коюу караңгылык, алар караңгылыкка кулатылат. Бирок азыр коюу караңгылык каптаган жерде дайыма эле караңгылык боло бербейт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск